Загрузка…
БУЙРУК
ПРИКАЗ
[Буйруктун датасы]Бишкек ш.
№ [Буйруктун номери]
[Студенттин фамилиясы жана инициалдары (табыш жөндөмөсүндө)] өндүрүштүк практикага кабыл алуу жөнүндө
1. [Жогорку окуу жайынын аталышы (илик жөндөмөсүндө)] «[Адистик]» адистиги боюнча ([Топтун шифри]) топтун [Курс]-курсунун студенти [Студенттин аты-жөнү] [Практиканын мөөнөтү] өндүрүштүк практикага акысыз кабыл алынсын.
2. [Практика өтүүчү бөлүм] өндүрүштүк практика өтүүчү жер болуп аныкталсын.
3. [Практиканын жетекчисинин кызмат орду] [Практиканын жетекчисинин аты-жөнү] өндүрүштүк практиканын жетекчиси болуп дайындалсын.
4. Өндүрүштүк практиканын жетекчиси [Практиканын жетекчисинин аты-жөнү]:
- [Студенттин аты-жөнү (илик жөндөмөсүндө)] практикасына жетекчилик кылсын;
- практикант үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды уюштурсун;
- практикант алган тапшырмаларга түздөн түз тиешеси бар жана жетүүгө чектөөлөр жок кызматтык документтер, нускама, маалымдама, методикалык материалдар менен иштөөгө уруксат берсин;
- практиканттын ишин контролго алсын;
-практикантты Мамлекеттик маалымат кызматынын борбордук аппаратынын кирүү режими, эмгек тартиби, эмгекти коргоо эрежелери, коопсуздук техникасы менен тааныштырсын.
5. Мамлекеттик маалымат кызматында өндүрүштүк практика өтүү учурунда [Студенттин аты-жөнү] төмөнкүлөргө милдеттендирилсин:
- өндүрүштүк практика өтүүдө белгилүү болгон Мамлекеттик маалымат кызматынын иши жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарбоого, пайдаланууга же башка субъектке өткөрүп берүүгө;
- Мамлекеттик маалымат кызматынын борбордук аппаратынын иш тартибин, эмгекти коргоо эрежелерин, коопсуздук техникасын, кирүү режимин сактоого, башка ченемдик укуктук актыларды жана жоболорду жетекчиликке алууга;
- өндүрүштүк практика жетекчисинин тапшырмаларын жана көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- өндүрүштүк практика учурунда Мамлекеттик маалымат кызматынын колдонулган документтерин, иш техникасын, башка мүлкүн жана жабдууларын сактыгы үчүн жоопкерчилик тартууга.
4. Буйруктун аткарылышын контролдоо [Практиканын жетекчисинин кызмат орду] [Практиканын жетекчисинин аты-жөнү] жүктөлсүн.
[Кол койгон адамдын кызмат орду] (колу) [Кол койгон адамдын аты-жөнү]
МАКУЛДАШЫЛДЫ