Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтому менен бекитилген |
Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасын уюштуруунун жана күтүүнүн тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-июнундагы № 31, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын күтүүнү, түзүүнү жана пайдаланууну аныктайт.
2. Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасы Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын мамлекеттик реестрин (мындан ары - реестр) түшүндүрөт, ал уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, жеке жана юридикалык жактарга, Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга, жарандыгы жок адамдарга таандык транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар жөнүндө маалыматтарды, башка чет мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып келинген транспорт каражаттарын кошуу менен, менчик ээлери жөнүндө маалыматтарды, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле айдоочулук күбөлүк жана анын ээси жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
3. Реестрдин кармоочусу болуп транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган саналат. Кармоочу реестрдин жүргүзүлүшүн жана иштешин, ошондой эле реестрде камтылган маалыматтардын белгиленген тартипте колдонулушун контролдойт жана алардын сакталышын камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Реестрдин техникалык оператору болуп реестрди жүргүзүүнү жана техникалык коштоону ишке ашырган Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 181 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Реестр транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн каттоо иш-аракеттери жана транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүү жана аларды эсепке алуу боюнча жүргүзүлгөн жол-жоболук иш-аракеттер жөнүндөгү маалыматтардын негизинде түзүлөт. Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган каттоо иш-аракеттерин жана транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга каттоо документтерин берүүнү жана транспорт каражаттарын башкаруу укугун берүү жана аларды эсепке алуу боюнча жол-жоболук иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
6. Реестр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ошондой эле латын алфавитин жана араб цифраларын пайдалануу менен жүргүзүлөт.
2. Реестрге киргизилүүчү маалыматтар
7. Реестр төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: