Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 760
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына
караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук
курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун
ишинин маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-сентябрындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор жөнүндө” Жарлыгынын 3, 4-пункттарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92–94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун өткөрүп берүү актысын бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин (автомектептерди) лицензиялоо функциясын жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилсин.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
– Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасын уюштуруу жана жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык;
– Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана кызмат адамдарынын тизмеги 3-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби 4-тиркемеге ылайык;
– Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелери 5-тиркемеге ылайык;
– Квалификациялык экзамендерди кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери 6-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөө жана уруксатты каттоо тартиби 7-тиркемеге ылайык;
– Автотранспорт каражаттарына өзгөчө айкалыштагы цифралар жана/же тамгалар менен мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо 8-тиркемеге ылайык;
– Автотранспорт каражаттарына энчилүү мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо 9-тиркемеге ылайык;
– Транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоочу номердик белгилеринде колдонулган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарларынын жана облустарынын цифралык коддорунун тизмеги 10-тиркемеге ылайык.