Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2017-жылдын 29-сентябры № 626
Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 233, 2023-жылдын 5-июлундагы № 335, 2024-жылдын 12-февралындагы № 54, 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 570, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 19, 105 жана 112-беренелерине ылайык атайын жана депозиттик эсептерде топтолуучу мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнку тиркелгендер бекитилсин:
-Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
Казыналыктын бирдиктүүү эсеп системасындагы депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-октябрындагы № 643 "2000-жылга Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору жана башка бюджеттик мекемелеринде атайын каражаттарды кебейтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 6-сентябрындагы № 539 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын майындагы № 337 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде турган мекемелердин атайын каражаттары жана депозиттик суммалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын