Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 507 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-декабрындагы № 674, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча электрондук форматтагы пилоттук аукциондорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
Электрондук форматтагы аукциондо мамлекеттик менчикти менчиктештирүү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 токтому менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
электрондук соода аянтчасынын ички регламенти – мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү, электрондук соода аянтчасынын иш тартибин аныктоочу эрежелердин жыйындысы;
өтүнмөлөрдү кабыл алуу журналы - электрондук форматта өтүнмөлөрдү эсепке алуу боюнча программалык-аппараттык каражат;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү - электрондук соода аянтчасында катталган колдонуучуларга гана жеткиликтүү сайттын бөлүгү;
маалыматтык билдирүү - маалыматтык системалардын иштөө процессинде берилүүчү туура бириктирилген маалыматтардын жыйындысы;
жеке кабинет - электрондук соода аянтчасында колдонуучунун автоматташтырылган жумуш оруну;
менчиктештирилүүчү объект - электрондук форматтагы аукциондо менчиктештирилүүгө тийиш болгон мамлекеттик мүлк;
электрондук соода аянтчасынын оператору - сатуучу менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук тооруктар өткөрүлүүчү Интернет тарамында электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон адистештирилген уюм;
электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгү - сайттын жалпыга жеткиликтүү бөлүгү, анда иштөө үчүн системада катталуу талап кылынбайт;
сатуучу - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
талапкер - электрондук форматта тоорукка катышууга өтүнмө берген адам;
кол коюучу адам - электрондук билдирүүлөрдө электрондук санариптик кол коюуну түзүүчү жеке же юридикалык жак - электрондук санариптик кол коюунун жабык ачкычы ишенип берилген кол коюучу ачкычтын сертификатынын ээси же болбосо анын өкүлү;
электрондук соода аянтчасында каттоо - электрондук соода аянтчасынын оператору ишке ашыруучу электрондук соода аянтчасына пайдалануучулардын уруксаты;
катышуучу - тооруктарга катышууга уруксат берилген талапкер;
электрондук аукциондун кадамы - тооруктардын жүрүшүндө көтөрүлүүчү баштапкы баага жана электрондук соода аянтында жарыяланган ар бир кийинки баага кошумча акы;
электрондук соода аянтчасы - тооруктарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тарамында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга дистанттык (жеке катышуусуз) түрдө бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды ишке ашырууга мүмкүндүк түзүүчү маалыматтык соода системасы;
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Электрондук аукционду уюштуруу жана өткөрүү
3. Мамлекеттик менчикте турган мүлктү менчиктештирүү боюнча электрондук аукционду сатуучу өткөрөт.
4. Электрондук аукциондо менчиктештирилүүчү мүлктү сатууну электрондук соода аянтчасынын оператору уюштурат.
5. Электрондук аукционду уюштурууда жана өткөрүүдө сатуучунун ыйгарым укугуна төмөнкүлөр кирет:
- менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик мүлктү электрондук аукционго коюу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- менчиктештирилүүчү объекттин наркын баалоону камсыздоо;
- менчиктештирүү боюнча комиссияны түзүү, анын курамын аныктоо, комиссиянын төрагасын жана катчысын дайындоо жөнүндө чечимди кабыл алуу;
- менчиктештирилүүчү объекттин баалоо наркы жана баштапкы баасы жөнүндө менчиктештирүү боюнча комиссиянын берген корутундусун кароо;
- менчиктештирилүүчү объекттин бааланган наркы жана баасы жөнүндө комиссия даярдаган корутундунун негизинде аныкталуучу менчиктештирилүүчү объекттин баштапкы баасын бекитүү;