Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 29-апрели № 76
Бухгалтердик эсеп жөнүндө
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 15-июлундагы № 216, 2012-жылдын 18-майындагы № 56, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 61, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2016-жылдын 5-январы № 2, 2017-жылдын 7-декабрындагы N 201 (6), 2021-жылдын 9-августундагы № 93, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсепти уюштуруунун жана жүргүзүүнүн укуктук жана усулдук негиздерин белгилейт, бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту мамлекеттик жөнгө салуунун тартибин, бухгалтердик эсепти уюштурууну, жүргүзүүнү жана финансылык отчеттуулукту түзүүнү жана берүүнү жүзөгө ашыруучу жактардын укуктары менен милдеттерин аныктайт.
(КР 2021-жылдын 9-августундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I Глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бухгалтердик эсеп жана анын усулдук негизи
1. Бухгалтердик эсеп негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн кайсы бир субъект жөнүндө финансылык отчеттор аркылуу субъекттин (юридикалык жактын) активдери, милдеттенмелери, өздүк капиталы, кирешелери менен чыгашалары тууралу маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу жана берүү аркылуу аны жыйноо, өлчөө тутумун камтыйт.
2. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ФОЭС) боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган ФОЭС ачык кызыкчылыктын субъекттери жана менчигинин түрүнө карабастан ири ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Ачык кызыкчылыктын субъекттери жана ири ишкердиктин субъекттери ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй болуп саналган субъект ачык кызыкчылыктын субъекттери деп түшүнүлөт:
- баалуу кагаздары фонд биржасынын листингине киргизилген эмитент;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк же башка финансылык-кредиттик мекеме;
- инвестициялык фонд, камсыздандыруу компаниясы, мамлекеттик эмес пенсиялык фонд.
Ачык кызыкчылыктын субъекттери милдеттүү түрдө аудит боюнча комитетти түзөт. Ири ишкердиктин субъекттери аудит боюнча комитетти түзүүгө укуктуу. Аудит боюнча комитет жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын аудити боюнча комитеттер банктык мыйзамдарга ылайык түзүлөт.
Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган Чакан жана орто ишкердик үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты (мындан ары - ЧОИ үчүн ФОЭС) орто ишкердиктин субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Орто ишкердиктин субъекттери ЧОИ үчүн ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу. Орто ишкердиктин субъекттери ыктыярдуу негизде эсепке алуу саясатын бекитүүчү жетектөөчү органдардын чечими боюнча ФОЭСке ылайык финансылык отчетун түзөт.
21. Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын алдындагы Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш иштеп чыккан, Коомдук сектор үчүн ФОЭС боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланган Коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (мындан ары - КС ФОЭС) Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат. Бюджеттик мекемелер КС ФОЭСке киргизилген өзгөртүүлөрдү кийин финансылык отчеттуулуктун эскертүүлөрүндө ачып берүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте алар жарыяланганга чейин колдонууга укуктуу.
22. Чакан ишкердиктин субъекттери бухгалтердик эсептин отчеттуулугун жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жөнөкөйлөштүрүлгөн эрежелерге ылайык жүзөгө ашырат.
Чакан ишкердиктин субъекттери эсепке алуу саясатын бекиткен алардын жетекчи органдарынын чечими боюнча ЧОИ үчүн ФОЭСке ылайык финансылык отчеттуулукту ыктыярдуу негизде түзүүгө укуктуу.
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн чакан ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү башка түшкөн каражаттары 30 миллион сомду түзгөн субъект түшүнүлөт.
Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон ашса, субъект чакан ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.
23. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн орто ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү башка түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон 1 миллиард сомго чейинкини түзгөн субъект түшүнүлөт.
Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 30 миллион сомдон ашпаса, субъект орто ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.
Эгерде календарлык жылда түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон ашса, субъект орто ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.
24. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн ири ишкердиктин субъектиси деп продукцияны, товарларды сатуудан, кызматтарды көрсөтүүдөн, жумуштарды аткаруудан, курулуш келишимдеринен, лизинг келишимдеринен, пайыздык кирешелерден календардык жылда түшкөн каражаттары, ошондой эле субъекттин негизги ишине тиешелүү болгон башка түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон жогору болгон субъект түшүнүлөт.
Эгерде календардык жылда түшкөн каражаттары 1 миллиард сомдон ашпаса, субъект ири ишкердиктин субъектиси категориясына кирбей калат.