Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 3-августундагы № 140 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 208
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын расмий тилдеги аталышындагы "Кыргызстан Республикасындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; Мыйзамдын расмий тилдеги бардык тексти боюнча "Кыргызстан Республикасындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
1-бөлүктө:
- "дүң" деген сөз алып салынсын;
- "соода" деген сөз "(ачык жана /же жабык), селектордук жана электрондук соода (аукциондор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "белгилүү бир жерде" деген сөз алып салынсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "юридикалык жактарга" деген сөздөр "юридикалык жактардын уюштуруучуларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:
3-пункт "товар биржасынын мүчөлөрү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "брокердик жана дилердик орундарга акыларды," деген сөздөр менен толукталсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын: