Загрузка документа…
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2002-жылдын 30-июлу № 135
Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-майындагы № 93, 2004-жылдын 11-июнундагы № 73, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 9-августундагы № 90, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 23-майындагы № 106, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 7-п токтому
Ушул Мыйзам соттон тышкаркы органдарды түзүү тартибин (мындан ары - бейтарап соттор) аныктайт, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү жагындагы алардын ишин (мындан ары - бейтарап териштирүү) жөнгө салат.
Бейтарап териштирүүнүн негизги принциптери - мыйзам жана бейтарап соттун алдында тараптардын теңдиги, бейтарап соттун чеминин аткарылышынын далилтартыштыгы жана милдеттүүлүгү.
1-Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам тараптардын макулдашуусу боюнча инвестициялык, жарандык жана коммерциялык укук мамилелеринен келип чыгуучу, бүтүмдөрдөн, келишимдерден, макулдашуулардан же башка юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлардан пайда болуучу талаш-тартыштар бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилген учурда колдонулат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана аларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) бейтарап сот - бул жеке арбитр же арбитрлер коллегиясы;
2) бейтарап териштирүү (арбитраж) - тараптардын макулдашуусунда же колдонулуучу эрежелерде, же ушул Мыйзамда каралган тартипте талаш-тартышты бейтарап сот тарабынан кароо жана бейтарап сот тарабынан чечим (арбитраждык чечим) кабыл алуу процесси;
3) арбитр - талаш-тартышты чечүү үчүн тараптар шайлаган же тараптар макулдашкан же мыйзамда белгиленген тартипте шайланган (дайындалган) жеке жак;
4) арбитраждык мекеме - өзүнүн уюштуруучулук же институттук аталышына (сот, борбор, комитет же башка аталыш) карабастан, бейтарап териштирүүнү (арбитражды) башкаруу боюнча функцияларды аткаруучу уюм;
5) бейтарап териштирүүнү (арбитражды) башкаруу - талаш-тартышты чечүү боюнча бейтарап соттун түздөн-түз функцияларын кошпогондо, арбитраждык мекеменин арбитражды уюштуруучулук камсыздоо, анын ичинде арбитрлерди тандоо, дайындоо же четтетүү жол-жоболорун камсыз кылуу, иш кагаздарын жүргүзүү, арбитраждык жыйымдарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү уюштуруу боюнча функцияларды аткаруусу;
6) бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) - тараптардын талаш-тартышты бейтарап териштирүү тартибинде чечүүгө өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуусу, ошондой эле мыйзамдын талаш-тартышты бейтарап териштирүү тартибинде кароого өткөрүп берүү каралган ченеми;
7) компетенттүү сот - Кыргыз Республикасынын тиешелүү соту;
8) бейтарап териштирүүдөгү тараптар - доогер жана жоопкер. Доогерлер болуп өз кызыкчылыгында доо койгон жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат. Жоопкерлер болуп аларга доо талабы коюлган жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат;
9) колдонулуучу эрежелер - туруктуу иштеген бейтарап соттун эрежелери, жоболору, регламенттери жана башка документтери.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Бейтарап соттордун түрлөрү жана укуктук абалы
1. Бейтарап макулдашууга же мыйзамга ылайык талаш-тартыштар туруктуу иштеген бейтарап соттун же бир жолку бейтарап соттун кароосуна берилиши мүмкүн.
Туруктуу иштеген бейтарап сот - бейтарап териштирүүнү ишке ашырууну камсыз кылуучу уюм.
Бир жолку бейтарап сот - белгилүү бир талаш-тартышты кароо үчүн тараптар тарабынан түзүлүүчү жана бул талаш-тартыш боюнча бейтарап териштирүү аяктаары менен өз ишин токтотуучу бейтарап сот.
2. Арбитраждык мекеме юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин коммерциялык эмес уюм түрүндө жүзөгө ашырат. Арбитраждык мекемелер, анын ичинде "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбору өз ишин "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актыларында каралган башка уюштуруучулук-укуктук формаларда жүргүзө алат.
Бейтарап териштирүүгө байланышкан бейтарап соттордун иши экономикалык иш болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштөө тартиби
1. Бир жолку бейтарап сотту түзүүнүн жана анын ишинин тартиби тараптардын макулдашуусу менен, ал эми тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актылары менен аныкталат.
2. Туруктуу иштеген бейтарап сотторду түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Туруктуу иштеген бейтарап соттордун иши колдонулуучу эрежелер менен, ал эми колдонулуучу эрежелер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актылары менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштешинин башка эрежелери каралса, бул келишимдин эрежелери колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Талаш-тартышты бейтарап соттордун чечүүсүнө өткөрүп берүү
1. Ушул бейтарап сотко өткөрүп берүү тууралу тараптардын макулдашуусу же мыйзам күчүндө болгондо талаш-тартыш бейтарап соттун чечүүсүнө берилиши жана ал тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Компетенттүү сот тарабынан каралып жаткан талаш-тартыш бейтарап соттун чечишине өткөрүп берилиши мүмкүн, бирок бул талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча сот чечим кабыл алганга же тараптар жарашуу келишимин түзгөнгө чейин гана болот.
2. Бейтарап соттун макулдашуусунун заты болгон маселе боюнча доо компетенттүү сотко берилгенде бейтарап макулдашуунун болгондугун ырастаган фактыларды тапкандан кийин, анын ичинде бул тууралу тараптардын биринен кабар келип түшкөндө ал доо арызын кабыл алуудан баш тартуусу керек же доону кароосуз калтыруусу керек, же иш боюнча өндүрүштү токтотуусу керек.
6-статья. Бейтарап соттун ишинин укуктук негизи
1. Бейтарап сот териштирүүнү бейтарап макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ишке ашырат, ал эми мындай көрсөтмө болбогон учурда - бейтарап сот өзү тандаган же белгилеген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
2. Бейтарап сот талаш-тартышты материалдык укуктун ченемдерине ылайык карайт, аларды тараптар келишимде же талаш-тартыштын маани-маңызына карата колдонуучу нерсе катары бейтарап макулдашууда аныкташат.
3. Колдонулуучу эреже жөнүндө макулдашуу болбогондо бейтарап сот талаш-тартышты кароодо колдонууга тийиш болгон укук ченемдерин өз алдынча аныктайт.
4. Бейтарап сот чечимди колдонулуучу укукка ылайык кабыл алат, ал эми колдонулуучу укуктардын жөнгө салынбаган бөлүгүндө - иштин кайталануу салты менен жүзөгө ашырат.