Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203
конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2002-жылдын 31-июлу № 136
Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-июлундагы № 97, 2008-жылдын 11-июну № 114, 2008-жылдын 18-июлу № 155, 2009-жылдын 24-февралы № 62, 2009-жылдын 25-февралы № 69, 2010-жылдын 3-мартындагы № 41, 2011-жылдын 23-июнундагы № 55, 2014-жылдын 7-июлундагы № 114, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) компетенциясынын чөйрөсүн, ишинин түрү менен ыкмасын, кызматка шайлоонун жана бошотуунун жол-жобосун аныктайт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контроль
Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин жана анын юрисдикциясынын чектеринде сакталышына парламенттик контролду Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) туруктуу негизде жүзөгө ашырат, ал өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул жана башка мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
(КР 2011-жылдын 23-июнундагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жараны кайсы жерде жүргөнүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк же жарандыгы жок адам менен мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосунда гана келип чыгуучу мамилелер болуп саналат.
3-статья. Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) контроль жүргүзүүсүнүн максаты:
1) Конституциясында жана мыйзамдарында, Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда жарыяланган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо;
2) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин ушул Мыйзамдын 2-статьясында көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан сакталышы жана урматталышы;