Редакцияот 25.08.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 25-августу № 137/XL-2

“Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө”

Кайыңды шаарынын мэри Э.Т. Иманкуловдун  “2020-жылдын 4-октябырында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна  анын талапкерлерлиги “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесине киргенине байланыштуу ыйгарым укутарын аткарууну убактылуу токтоту жөнүндө” арызын карап чыгып,

2011-жылдын 2-июлюндагы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесин сактоо максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө",  мыйзамынын 31-беренесинин 1 пп. 2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.2020- жылдын 25-августунан баштап 2020-жылдын 4-октябырында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоонун натыйжаларын аныктоого  чейин мэрдин убактылуу аткаруу милдетти Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөлсүн.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин  депутаттарына  жүктөлсүн.

 

Төрага

У.Б. Абдрасулов