Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу № 68
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 221, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2017-жылдын 5-июнундагы № 96, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2020-жылдын 30-июнундагы № 68, 2020-жылдын 11-ноябрындагы № 2, 2021-жылдын 15-июлундагы № 84, 2021-жылдын 26-августундагы № 103, 2022-жылдын 18-октябрындагы № 97, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 81, 2025-жылдын 19-февралындагы № 39, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 73, 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 82, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 28-июлундагы №161, 2025-жылдын 9-августундагы № 194, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 220, 2026-жылдын 5-февралындагы № 11, 2026-жылдын 28-июлундагы № 135 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 26-августундагы № 103 Мыйзамына ылайык алып салынды)
1-глава Жалпы жоболор. Жарандардын шайлоо укуктары
1-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда пайдаланылуучу негизги терминдер
Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкү терминдер пайдаланылат:
үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүккө таратууга, элге жарыялоого арналган басылма, укма-көрмө жана башка материалдар;
жарандардын жигердүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо укугу;
жакын туугандары - жубайы, ата-энеси, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энесинин бирөө өгөй ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата-таяталар, чоң энелер-таенелер, неберелер;
жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиктери - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
мамлекеттик портал - шайлоо участоктору, райондор, шаарлар жана бүтүндөй республика боюнча электрондук форматтагы, мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн жана актуалдашкан шайлоочулардын тизмелери жөнүндө маалыматты камтыган, жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга катышуусу тууралуу маалымат киргизилген, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификация жана аутентификация боюнча талаптарды сактоодо шайлоочуларга өздөрүнүн маалыматтарына тактоосуна жана өзгөртүүсүнө мүмкүндүк берген мамлекеттик органдын интернет-сайты;
шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери;
мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн ишмилдетин жүзөгө ашыруучу же мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруучулук-тескөөчүлүк, администрациялык-чарбалык, көзөмөлдөө-көзөмөлгө алуу ишмилдеттерин аткаруучу адам;
катталган талапкер - Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция), ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарга туура келген жана шайлоо аркылуу Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын кызмат ордун ээлөөгө талапкер катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) катталган адам;
шайлоочулар - жигердүү шайлоо укугуна ээ, Кыргыз Республикасынын жарандары;
майыптыгы бар шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ, жалпы шарттарда шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген угуу, көрүү, таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталган, организм функциялары туруктуу бузулган, ден соолугу начар Кыргыз Республикасынын жарандары;
шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери, анык, анык эмес, бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, ошондой эле идентификациялоодон өткөнү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёттор, автоматтык эсептөөчү урнанын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору, шайлоо комиссияларынын протоколдору, электрондук протоколдор, алардын шайлоо маселелери боюнча чечимдери, талапкерлердин, саясий партиялардын каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар;