КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-41/18
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын башындагы эркин калдыктын акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, “Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражаттарын бөлүштүрүү” жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын башындагы эркин калдыктын 2020-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 49771,7 миң сом ѳлчѳмʏндѳ, анын ичинен бюджеттик каражаттар 48904,8 миң сом ѳлчѳмʏндѳ, жана атайын каражаттар 866,9 миң сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
2. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын башындагы эркин калдыгы 48 804,8 миң сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаттарын 2020-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүү, №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 2021-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын эркин калдыгын каржылоону, бекитилген бөлүштүрүүгө ылайык, мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жүргүзсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
Каракол шаардык Кенешинин
10-март 2021 ж. № 27-41/18
Токтомуна № 1 тиркеме
2021-жылдын башына калган бош калдыкты бөлүштүрүү планы | ||||||
( миң сом ) | ||||||
№ п/п | Мекеменин аталышы | Кайсы максаттарга | сумма | |||
|
| |||||
1 | Мэрия | Афганистан республикасынан аскерлерди чыгарган күнүнүн 32-жылдыгына иш чараларды өткөрүүгө | 176,0 | |||
2 | Мэрия | 2010-жылдын 7-апрель күндөрү болгон окуяларга карата иш-чараларды жүргүзүүгө | 26,0 | |||
3 | Мэрия | ЧАЭСтин күнүнө карата иш-чараларды жүргүзүүгө | 62,0 | |||
4 | Мэрия | 9-май Улуу Жениш күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүгө | 150,0 | |||
5 | Мэрия | 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата майып балдарга материалдык жардам көрсөтүүгө | 87,0 | |||
6 | Мэрия | Жарды үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы эс-алуусун уюштурууга | 200,0 | |||
7 | Мэрия | 1-октябрь карылар күнүнө карата иш-чараларды жүргүзүүгө | 100,0 | |||
8 | Мэрия | Баткен окуяларына карата иш-чараларды өткөрүүгө | 100,0 | |||
9 | Мэрия | 3-декабрь майыптар күнүнө карата иш-чараларды өткөрүүгө | 200,0 | |||
10 | Мэрия | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаны-жылдык балаты өткөрүүгө | 200,0 | |||
11 | Билим берүү бөлүмү | Педагог кызматкерлеринин коммуналдык тейлөө кызматтарына женилдетилген компенсация менен төлөп берүүгө (мектептер,бала бакчалар,лицей,балдардын музыкалык мектеби,балдардын билим берүү борбору) | 1114,0 | |||
12 | Билим берүү бөлүмү | Педагогдордун жайкы эс алуусун уюштурууга | 200,0 | |||
13 | Мэрия | Долбоор боюнча мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууга | 1000,0 | |||
14 | Мэрия | Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга жана алдын алууга | 3600,0 | |||
15 | Мэрия | Үй-бүлөлүк медицина борборунун,төрөт үйүнүн,санитардык эпидемиологиялык станциянын жаш адистеринин эмгек акысына айына 1000 сомдон кошумча төлөм төлөп берүү | 225,1 | |||
16 | ММБД | Пристань ,Кузбасская,Алтын Казык аймактарына кичи спорт аянтчасын курууга | 4000,0 | |||
17 | Мэрия | Каракол шаардык ветерандар кенешине материалдык жардам көрсөтүүгө | 400,0 | |||
18 | Шаардык кенеш | Каракол шаардык кенешинин кызматкеринин архивдик иш алып баруусуна кошумча төлөм төлөп берүүгө | 64,4 | |||
19 | Маданият бөлүмү | соттун чечимине ылайык,В.В. Кудиновго эмгек акы төлөөгө | 54,0 | |||
20 | Мэрия | соттун чечимине ылайык,С.С. Өскөмбаевге эмгек акы төлөөгө | 62,9 | |||
21 | Мэрия | Финансы Министрлигинин Каракол башкармалыгына зыяндуулукка кошумча төлөм төлөп берүүгө | 330,2 | |||
22 | Мэрия | Эчкилиташ чекара заставасына материалдык жардам көрсөтүүгө | 100,0 | |||
23 | Мэрия | Шаардык ички иштер бөлүмүнө атайын кызматтык унаа сатып алууга | 1200,0 | |||
24 | Мэрия | КМЖА социалдык кызматкерлердин жол киресин төлөөгө | 78,0 | |||
25 | ММБД | Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин карызын төлөө үчүн (соттун,сот аткаруучулардын бөлүмүнүн чечимдеринин негизинде) | 3842,0 | |||
26 | №4 мектеп-гимназиясы | №4 мектеп-гимназияга айкалышкан спорт аянтчасын курууга | 3548,0 | |||
27 | Мэрия | Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн түштүк постуна видео камера сатып берүүгө жана Каракол шаарынын ИИБөлүмүнүн Каракол шаарына видео көзөмөл орнотууга | 2123,4 | |||
28 | Мэрия | КМЖА мэрия менен кенешке унаалык кызмат көрсөтүү үчүн | 250,0 | |||
29 | Мэрия | "Каракольская правда" газетасынын редакциясына материалдык жардам (негиздөө акысы) | 150,0 | |||
30 | Мэрия | Проектик сметалык иш кагаздарын даярдоого, инженердик изилдөөгө, топографиялык иштерге жана башка | 1000,0 | |||
31 | Мэрия | Каракол шаарынын сот аткаруучулар бөлүмүнүн катына жана шаардык соттун Идыровдун доо арызы боюнча мэриядан жана ММБДдан акча кайтаруу боюнча чечимдерине ылайык | 3163,8 | |||
32 | ММБД | Имарат сатып алууга | 20300,0 | |||
33 | ЖСБ | Жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн кызматкерлерине сый акы төлөөгө | 198,0 | |||
34 | Мэрия | Шаардык архив бөлүмүнө документтерди сактоого кутучаларды алууга | 100,0 | |||
35 | Горкеңеш | "Согуштун балдары" медалын чыгарууга | 400,0 | |||
| итого |
| 48804,8 | |||
. | ||||||