КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-41/17
Каракол шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга болжол жөнүндө
Каракол шаарынын мэринин м.а. Э.Джумаевдин жана Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, «Каракол шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2022-2023- жылдарга болжол жөнүндө» докладын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин сессиясы, Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык Кеңеши тарабынан, Каракол шаарынын 2021-жылга карата бюджетти түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. 2021-жылга бюджеттин долбоорун түзүү процессинде, анын негизи катары, Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган көрсөткүчтөрү, шаардын социалдык-маданий мекемелеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектеле турган бюджеттик каражаттардын эсептери эске алынгандыгы белгиленет.
Каракол шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоодо, баардык чарба жүргүзгөн субъектерге, каржы жана салык органдарына төмөнкү милдеттер коюлган: индикативдүү планды аткаруу, өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темптерин жогорулатуу, жергиликтүү бюджетти сапаттуу аткаруу.
2021-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баардык органдары үчүн башкы милдет катары, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, каржылык-экономикалык абалды жакшыртуу. Ошону менен бирге, бюджеттик саясаттын негизги багыты болуп, бюджеттин абалын турукташтыруу, анын таңсыктыгын, кирешелерди максималдуу түрдө мобилизациялоо аркылуу төмөндөтүү, чектелген каржы булактарын рационалдуу бөлүштүрүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Каракол шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXXI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 266275,0 миң сом, кирешелер боюнча финансы министрлиги тарабынан кѳбѳйтʏʏ менен берген контролдук цифраларды 22763,7 миң сом, алардын ичинде, салыктык тѳлѳмдѳрдѳн тʏшкѳн кирешелерди 3763,7 миң сом жана салыктык эмес тѳлѳмдѳр 19000,0 миң сом ѳлчѳмдѳрʏндѳ, №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каракол шаарынын 2022-жылга негизги болжолдорунун параметрлери 251174,3 миң сом, 2023-жылга 257285,3 миң сом суммасында жактырылсын. 2022-2023-жылдарга карата жактырылган болжолдун параметрлери, кабыл алуунун ар бир конкреттүү учурунда, тактоого тийиштүү.
3. Кирешелер салыгынын жана сатык салыгынын чегерүү ченемдери, №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин акы төлөө фонду, №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин 2021-жылга чыгымдары бюджеттик каражаттар боюнча пландарынын көлөмдөрү 250275,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ, атайы каражаттар боюнча 16000,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2020-жылдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланбай калган чыгымдарды, 2021-жылдын бюджетинде каралган ассигнованиелердин чегинде жүргүзүлсүн.
7. 2021-жылга, чыгымдардын каржыланышы иш жʏзʏндѳ тʏшкѳн кирешелердин ченеминде болоору белгиленсин. Биринчи кезекте, корголгон беренелер (айлык акы, социалдык фонддго чегерʏʏлѳр, тамактануу, дары-дармектер жана коммуналдык чыгымдар) каржылансын. Каражаттарды чыгымдоо жана чыгымдардын беренелерин максаттуу пайдалануу ʏчʏн жоопкерчилик, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жʏктѳлѳт.
8. Бюджетти аткаруу процессинде, финансылык башкармалыгы, тиешелʏʏ Каракол шаардык Кенешинин профилдик туруктуу комиссияларынын макулдугу жана корутундусу менен, бюджеттик мекемелердин чыгымдар сметалары боюнча, жалпы чыгымдардын алкагында, чыгымдар беренелеринин ортосунда ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏгѳ укуктуу.
9. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин салыктык эмес кирешелер боюнча планынын аткарылышын камсыз кылсын.
10. Каракол шаарынын мэриясы, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сапаттуу аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана 2021-жылы шаардык бюджеттин чыгымдарын каржылоону, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акылар, социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, жеңилдетилген категориядагы атуулдарга төлөмдөр, коммуналдык кызматтарга) жүргүзсүн.
11. Бюджеттик мекемелердин коммуналдык кызматтарына кошумча акча каражаттар, болгон чыгашалар боюнча бөлүнүп берилсин.
12. Казына аркылуу өткөрбөстөн атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартип бузулса, атайы каражаттардын 100% бюджетке кириштелет.
13. Жергиликтүү бюджеттин жүгүрүүчү кассадагы накталай каражаттардын көлөмү, 100,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
14. Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусунун көлөмү 2200,0 сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.
15. Дем берүүчү гранттарды каржылоо үчүн каралган акча каражаттар, 3151,0 миң сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин жана бөлүнүп берилсин.
16. Кыргыз Республикасынын, 2017-жылдын 1-мартындагы, №131 токтомуна ылайык, иш кʏнʏ ченемделбегенин, майрам кʏндѳрʏндѳ иштегендиктерин эске алуу менен, тѳмѳнкʏ мекемелердин кызматкерлерине, ай сайын айлыктарына 50% кошумча каралсын:
- Каракол шаардык Кенешинин аппараты;
- Каракол шаарынын мэриясынын аппараты;
- Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин аппараты;
- Пристань-Пржевальск поселкалык башкармалыктын аппараты;
- муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерине;
17. Кыргыз Республикасынын, 2015-жылдын 27-апрелиндеги, №258 токтомуна ылайык, зыяндуулук ʏчʏн тѳмѳнкʏ мекемелердин кызматкерлерине, ай сайын айлыктарына кошумча каралсын:
- Каракол шаардык Кенешинин аппараты;
- Каракол шаарынын мэриясынын аппараты;
- Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин аппараты;
- Пристань-Пржевальск поселкалык башкармалыктын аппараты;
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын аппаратына;
- Физкультура жана спорт бѳлʏмʏнѳ;
18. Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдуулугуна ылайык, маданият кызматкерлерине, ай сайын, берʏʏгѳ бекитилген 25% кошумчалары сакталсын.
19. Дене тарбия жана спорт комплексинин (стадион) штаттык курамы 18 штат менен бекитилсин.
20. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
21. Токтом ММКларда жарыялансын.
22. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
Каракол шаардык кенешинин
10-март 2021 ж.№27-41/17
токмуна № 1 тиркеме
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин | ||||||||||
кирешелери жана чыгымдарынын 2021 жылга кѳлѳмдѳрү жана 2022-2023 жылдарга божомолу | ||||||||||
КИРЕШЕЛЕР | МФКР 2021 долбоор | Горкенеш 2021 долбоор | четтөө | божомол 2022 | божомол 2023 | |||||
Салык кирешелери | 221236,3 | 225000,0 | 3763,7 | 228899,3 | 235010,3 | |||||
Кирешеге салык | 134445,0 | 140041,7 | 5596,7 | 142108,0 | 148219,0 | |||||
Бирдиктүү салык | 1980,6 | 1950,0 | -30,6 | 1980,6 | 1980,6 | |||||
Милдеттүү патенттин негизиндеги салык | 6300,0 | 5250,0 | -1050,0 | 6300,0 | 6300,0 | |||||
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 33400,0 | 31700,0 | -1700,0 | 33400,0 | 33400,0 | |||||
Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган салык | 80,0 | 80,0 | 0,0 | 80,0 | 80,0 | |||||
Ишкердик иши үчүн пайдаланылган салык 2 гр | 12700,0 | 13430,6 | 730,6 | 12700,0 | 12700,0 | |||||
Ишкердик иши үчүн пайдаланылган салык 3 гр | 700,0 | 700,0 | 0,0 | 700,0 | 700,0 | |||||
Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык | 980,0 | 802,0 | -178,0 | 980,0 | 980,0 | |||||
Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык | 11257,2 | 11257,2 | 0,0 | 11257,2 | 11257,2 | |||||
Короо жанындагы ж-а дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы | 5384,5 | 5184,5 | -200,0 | 5384,5 | 5384,5 | |||||
айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы | 104,0 | 104,0 | 0,0 | 104,0 | 104,0 | |||||
Калктуу конуштардын жерлерине ж-а айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы | 13905,0 | 14500,0 | 595,0 | 13905,0 | 13905,0 | |||||
Салыктык эмес кирешелер | 22275,0 | 36275,0 | 14000,0 | 22275,0 | 22275,0 | |||||
Жер ижарасы үчүн акы | 6000,0 | 20000,0 | 14000,0 | 6000,0 | 6000,0 | |||||
Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын ижара акысы | 275,0 | 275,0 | 0,0 | 275,0 | 275,0 | |||||
Акы тёлёнщщчщ кызмат кёрсётщщлёрдён тщшщщлёр | 16000,0 | 16000,0 | 0,0 | 16000,0 | 16000,0 | |||||
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы | 14000,0 | 14000,0 | 0,0 | 14000,0 | 14000,0 | |||||
Классификацияланбаган билим беруу жана маданият кызмат корсотуулору учун акы | 2000,0 | 2000,0 | 0,0 | 2000,0 | 2000,0 | |||||
Жерлерди сатуу |
| 5000,0 | 5000,0 |
|
| |||||
Бардыгы | 243511,3 | 261275,0 | 17763,7 | 251174,3 | 257285,3 | |||||
Чыгымдар |
|
|
|
|
| |||||
Мамлекеттик кызмат | 30941,8 | 30941,8 | 0,0 | 30941,8 | 30941,8 | |||||
Шаардык аскер комиссариаты | 333,0 | 333,0 | 0,0 | 333,0 | 333,0 | |||||
Автожол транспорту | 41000,0 | 41000,0 | 0,0 | 41000,0 | 41000,0 | |||||
Турак жай-коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүсүнѳ | 65211,6 | 87975,3 | 22763,7 | 72874,6 | 78985,6 | |||||
Эс алуу, маданият жана динчилик | 30748,4 | 30748,4 | 0,0 | 30748,4 | 30748,4 | |||||
Билим берүү | 73296,5 | 73296,5 | 0,0 | 73296,5 | 73296,5 | |||||
Социалдык коргоо | 1980,0 | 1980,0 | 0,0 | 1980,0 | 1980,0 | |||||
Баардыгы | 243511,3 | 266275,0 | 22763,7 | 251174,3 | 257285,3 | |||||
| ||||||||||