Загрузка документа…
ЖЕТИ-ӨГҮЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жети-Өгүз айылдык кеңештин ХХVIII-чакырылыштын кезексиз VI-сессиясы
2021-жылдын 9-августу № 6
“Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин жана стандарттарына тиешелүү пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамынын, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө”КР мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Уставын жетекчиликке алуу менен,
токтом кылам:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси жана алардын стандарттары бекитилсин.(№8 жана 12тиркемеге).
2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин облустук “Ысык-Көл кабарлары” гезитине, minjust.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Ордобаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Н.Иманбаевге милдеттендирилсин.
Жети-Өгүз айылдык кеңешинин төрагасы | А.Б. Ургаипов |
Жоопту качысы: | Ч. Ордобаева |
Тиркеме №2
Жети-Өгүз айыл аймагынын муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинекирген №8 муниципалдык кызматтын стандарты.
Кызматкөрсөтүүнүн паспорту
1. Кызмат көрсөтүүнүн аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучунун аракеттерин кыскача баяндоо | Айыл өкмөтүнүн көзөмөлүндө турган жалгыз бой кары адамдарга, үйүнөн тейленүүчү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, аз камсыз болгон жардамга өтө муктаж болуп кайрылган жарандарга кайрылуунун негизинде (кургак учук менен ооруган адамдарга, өтө кымбат баага операцияга даярдалган балдарга), көп жылдан бери дарыланып(онкологиялык ж.б. оорулар менен күрөшүп келген) үйүндө мал жандыгы жок калып каза болгон жарандарга, УАМС ардагери, оорукта эмгектенген, УАМС жесирлери каза болгон учурда социалдык жардам берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыз болот.
|
2. Кызматтарды көрсөткөн органдын толук аталышы | Жети-Өгүз айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү |
3. Кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Айыл ѳкмѳттѳ каттоодо турган, айыл аймакта туруктуу жашаган жардамга өтө муктаж болгон кайрылган аймактын жашоочулары. |
4. Кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы,«ЖѲБ жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамы, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР Мыйзамы, Жети-Өгүз айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 27-майынын XXXII сессиясы № 32 токтому менен бекитилген Кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри |
5. Көрсөтүлгөн кызматтын акыркы жыйынтыгы | Жылдын 10-декабрга чейин ар бир кызмат алуучуга: кургак учук менен ооруган адамдарга жол киресине 1000 (бир миң) сомго чейин; кайрылуу менен кайрылган өтө муктаж болгон жашооучуларга, акыркы сапарга узатуу аземине азык-түлүктөн 5000 (беш миң) сомго чейин; өтө оор кымбат баалуу операцияга муктаж аз камсыз жашоочуларга 10 000 (он миң) сомго чейин (саны) акчалай жардам менен камсыз болот. |
6. Кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат алуучу айыл ѳкмѳтүндѳкаттоодо жана туруктуу жашашы шарт. Социалдык паспорту болушу шарт. Дарыгердин бүтүмү болушу шарт. Кызмат алуучуга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери маалыматты тактоону кызмат алуучунун жашаган үйүндѳ же башка ыңгайлуу жерде алып барууга мүмкүн. |
7. Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабылдоо жеке кабыл алуу учурунда 14 иш күндөн кем убакыттын ичинде жүргүзүлөт. Кызмат кѳрсѳѳтүү толугу менен жылдын 10-декабргачейин кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш. |
Кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү
8. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жооптуу орган жөнүндө маалымдоо | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Жети-Өгүзайыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн соц. бөлүмүнөн; - аймакта жайгашкан ФАП, ҮДТан; - айыл башчылардан. Маалымат төмөнкүдөй берилет: - жазуу жүзүндө; - оозеки түрүндө (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда). |
9. Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн: - айыл ѳкмѳттүн башчысынын кабылдамасы; - өкмөттүн социалдык адиси тарабынан. - айыл башчылардан. - кулактандыруу жана телефон (Ватсап) боюнча. |