Редакцияот 02.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН IV СЕССИЯСЫ

 

2021-жылдын 2-августу № 24

Улахол ЖПБнин иши жөнүндө

Улахол ЖПБнин иши жөнүндө М.Бейшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улахол ЖПБнин аткарган иши жөнүндө айыл өкмөтү М.Бейшеевдин маалыматы кабыл алынсын.

2. Чукул кырдаалдардагы коюлган тапшырмаларды талаптагыдай аткарбагандыгы, өзгөчө кырдаалга кылган мамилеси жана айылдык Кеңештин 01.07.2021-жылдагы №8 токтомун аткарбагандыгы үчүн ЖПБнин төрагасы А.Ашымбековго «катуу эскертүү менен сөгүш» берилсин.

3.ЖПБнин 6 айлык аткарган иштери боюнча отчету депутаттарга 10 күн мурда таркатылып, кийинки сессияга отчету берилсин.

4.Ушул токтомду аткаруу жагын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

А. Жолалиев

 

Катчы

И. Жээнтаев