Редакцияот 06.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXIV СЕССИЯСЫ

 

2020-жылдын 6-марты № 5

Улахол айылдык кеңештин жооптуу катчысы жөнүндө

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-декабрь 2016-жылдагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык жооптуу катчы И.С.Жээнтаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Улахол айыл аймагынын айылдык Кеңеши

токтом кылат :

1. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29-декабрь 2016-жылдагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык Улахол айылдык кеңешине жооптуу катчы кызмат орду киргизилсин.

2. Улахол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын топторуна карата квалификациялык талаптарына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түндүк аймактык өкүлчүлүгүнө сунуштоо жагы жооптуу катчы И.С.Жээнтаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Улахол айыл өкмөт башчысына жана Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Ашымов

 

Катчы

И. Жээнтаев