Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 16-марты № 8/3
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептеп чыгаруу тартиби жана транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жоболору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө” жана “муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө” 06. 04. 2018 ж. № 01-18/41 буйругуна ылайык Балыкчы шаарынын вице мэри А. Асаналиевдин 24. 02. 2021 ж. № 01-18/ 209 кайрылуусун курулуш архитектура, муниципалдык менчик коммуналдык чарба маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык карап , талкуулап, шаардык Кеңештин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобосу типтүү жобого ылайык № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобосу типтүү жобого ылайык № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3 .Кабыл алынган токтом “Балыкчы” газетасына жана интернет сайтына жарыялансын.
4. Бекитилген жобо Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайт.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэриясына жана социалдык өнүгүү, укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Р. Сартбаев |
| Балыкчы шаардык Кеңешинин ХХVII чакырылышынын ХХХIII сессиясынын №8/3 токтомуна Тиркеме 1
|
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо
1. Бул жобо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек объекттер;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша, мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдеттүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул объекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;