Редакцияот 28.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2021-жылдын 28-январы № 150/XXXV-27

“Ново-Покровка айыл аймагында жеке агрономдордун жөнгө салынуучу объектилерди жана материалдарды дезинфекциялоо иш чараларын аткаруудагы акы төлөмүн бекитүү жөнүндө”

Өсүмдүктөрдүн карантининин Чүй-Бишкек башкармалыгынын 20.01.2020-жылдагы №014 Ново-Покровка айыл аймагында жеке агрономдордун жөнгө салынуучу объектилерди жана материалдарды дезинфекциялоо иш чараларын аткаруудагы акы төлөмүн бекитүү жөнүндө (айыл чарба жерлери, бакчалар, кампалар, техника ж.б.)кайрылуусун карап, Ново-Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жеке агрономдордун жөнгө салынуучу объектилерди жана материалдарды дезинфекциялоо иш чараларын аткаруудагы акы төлөмү тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ново-Покровка айыл аймагынын башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.

 

Ново-Покровка айылдык

кенешинин төрагасы

 

Э.М. Абдыкеримов

 

Ново-Покровка айылдык кенештин

2021-жылдын 28-январындагы

№ 150/ХХХV-27

токтомуна тиркеме

 

Жеке агрономдордун жөнгө салынуучу объектилерди жана материалдарды дезинфекцияоо иш чараларын аткаруудагы акы төлөмү

Жеке агроном тарабынан дезинфекциялоого түздөн-түз чыгымдар, аэрозоль генераторун колдонуп,аэрозоль ыкмасы менен жөнгө салынуучу материалдарды(объекти) жана жеке участокту дезинфекциялоо учурунда өндүрүштун ченемин аныктоо.

1. Жумушчу суюктукту 1 норма / см үчүн сарптоонун нормасы – 3,1 литр (дезинфекциялоо жумушунун күнүнө 4 сааттан ашпаган чендин негизинде) 1 нормалдуу/см үчүн өндүрүштүк чен -1173,8 м.куб – 3,521 чарчы метрден ашпайт(аэрозолдук ыкма менен жөнгө салынуучу материалдарды (объектти) дезинфекциялоо учурунда өндүруш ылдамдыгын аыктоо уактысы жеке агрономдун кыйылын эске алуу менен жүргүзүлдү жана даярдык иштери – жумушчу суюктукту, жабдууларды даярдоо коопсуздугу.)

 

II.Күйүүчү майдын чыгымы:

Бир сменага эсептегенде бензиндин чыгымы – 6 литр

Жалпы бензин – 6 л*36с= 216 сом

Майдын керектөө көлөмү 10% бензиндин көлөмүнөн: 0,6 л *70 сом = 42 сом

Жалпысынан күйүү-майлоочу майдын баасы : 216 сом +42 сом = 258 сом

(бензиндин жана мазуттун  баасы орточо)

 

III. Атайын кийим чыгымдары:

1.Костюм пахта                           2*5451,35=10902,7

2. Ботинка узун.берца       2*4256=8512

3.Противогаз ПФМГ-96          2*6541,6=13083,2

4.Резина кол кабы             4*100=400

5.Аптечка (медициналык)         1х600=600

(көрсөтүлгөн каражаттар техникалык коопсуздук боюнча нускамага ыайык талап кылынат)

Жалпы: 33497,9 :24 ай.: 21 күн= 66,46 сом

Гигиена каражаттары

1.Кир самын  2х25= 50

2.Кол креми    2*35=70

3.кир жуучу порошок       2*18 =36

Жалпы: 156:21 = 7,43

 

IV. Эмгек акы

Жеке агрономдун 1 т/смен (келишим менен)          2*540=1080   1 участко

Зыяндуулугу 25%                                                       270 сом

Эмгек акы                                                                    2*675 = 1350 сомм

Соц.фондго чегерүү 17,25%                                       232,87 сом

Соц.фонд менен эмгек акы жалпы:                                1582,87 сом.

 

V. Командировка чыгымдары (2 х 375) = 750 сом

( пестициддерди колдонуу жана ташуу боюнча көрсөтмөлөрдүн негизинде дезинфекциялоо үчүн кызматкерлерин минималдуу тобу 2-3 адам коомдук транспорттун кызматын эске алуу менен эсептөө жүргүзүлдү.)

 

VI Атайын тамак (сүт) 0,5 х 2 адам = 40 сом

VII. Техникалык жардам

1.Чачуучу АГП – 10% баланстык наркы (Салык кодекси)

12450 сом * 10%252 күн = 4,49

2.Бир жолу колдонулуучу газ анализатор түтүкчөсүн колдонуу- 1 даана газсыдандыруу үчүн– 108 сом (жабык бөлмөлөдө дезинфекециялоо үчүн)

 

Жалпы чыгым: 258+66,46+7,43+1582,87+750+40+4,49+108= 2817,2

айыл өкмөттүн фондуна чегерүүлөр  - 10%

2817,2*10% =281,7 сом

Бардык чыгым : 2817,2 + 281,7 = 2922 сом

Наркы 1 м.куб (3 м.кв.) = 3098,9/1173,8 =2,64

Бир даракты иштетүү:

1.3мХ3мХ3м = 27 м.куб.(орто мөмөлүү дарак – бийиктиги- туурасы-узуну)

2.27м.кубХ2,64 сом =71,28 сом ( орто эсеп менен)

Жашылчаларды, дан жана техникалы өсумдүктөрдү кайра иштетүү:

1. 1 соткада 10 м кв. же 3 м.куб. анда 2,6 сом Х3 = 7,92 сом (орто эсеп менен)

2. 10 соток Х7,92 = 79,2 сом

Эсептөөлөр химиялык жана башка түрдөгү дары-дармектерди сатып алууга кеткен чыгымдарды эсепке албастан жүргүзүлөт.

Орточо алганда,бир короо жай үйдүн жер тилкеси орто эсеп менен 800 сомдон 1500 сомго чейин сарпталат, жеке агроном орто эсеп менен 50-60 даракты жана 3 гектарга чейин аянтты (1200 кубга чейин) бир сменада иштете алат.