Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 2-июлу № 142
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 163, 2019-жылдын 8-июлунда № 82, 2020-жылдын 1-августундагы № 110, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына токой фондусун сактоо, коргоо жана пайдалануу жагындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилиши мүмкүн.".
3-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
4-берене.
(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 163 Мыйзамына ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
5-берене.
"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 13-статьяда:
5-пунктунда "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр ", ошондой эле жарандарды каттоо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктунда "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөр ", ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 15-статьянын 1-пунктунда "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары каттоого алуучу орган болуп саналат" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарды каттоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.