Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 1-августу № 110
Жарандык абалдын актылары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2023-жылдын 16-мартындагы № 59, 2024-жылдын 8-июлундагы 113, 2025-жылдын 17-июлундагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети жана максаттары
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында да, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде да жарандык абалдын актыларын каттоонун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилейт. Каттоо системасынын максаты жарандардын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгуусуна, өзгөрүүсүнө же токтотулуусуна таасир этүүчү, ошондой эле жарандардын укуктук абалын мүнөздөөчү жана жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында мамлекеттик катталууга тийиш болгон ушул Мыйзамга ылайык катталган жарандардын аракеттеринин же окуяларынын мамлекет тарабынан таанылуусу болуп саналат.
2-берене. Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар
Жарандык абалдын актылары жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинен, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) жарандык абалдын актылары - адамды жекелештирүүчү жана аны менен анын укуктарынын жана милдеттеринин келип чыгышы жана токтотулушу байланышкан юридикалык жол-жоболоштурулган жагдайлар.
2) окуялар жана фактылар - жарандык абалдын чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучуларынын эрки боюнча келип чыккан жана жарандык абалдын актыларында, анын ичинде жарандык абалдын актыларындагы жазууларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жана өз чагылдырылышын тапкан реалдуу чындыктагы көрүнүштөр;
3) жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылган маалымат системасы (мындан ары - "ЖААЖ" АМС) - жарандык абалдын актыларынын жазууларын мамлекеттик каттоо, сактоо, эсепке алуу жана иштеп чыгуу жана идентификациялык жеке номерди автоматташтырып ыйгаруу процессинде пайдаланылуучу автоматташтырылган маалымат системасы;
4) идентификациялык жеке номер (мындан ары - ИЖН) - Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирип (жекече) эсепке алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир жолу берилүүчү жана бул адамдарда өзгөртүлбөстөн өмүр бою сакталуучу жеке номер.
5) арыз - кагаз же электрондук түрдө таризделген, адамдын кандайдыр бир иш-аракеттерди жасоо жөнүндө өтүнүчүн камтыган кайрылуу.
(КР 2024-жылдын 8-июлундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Милдеттүү мамлекеттик катталууга тийиш болгон жарандык абалдын актыларынын түрлөрү
Жарандык абалдын төмөнкү актылары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга тийиш:
1) туулгандыгы;
2) никелешүүсү;
3) никесинин бузулгандыгы;
4) фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндүгү;
5) өлгөндүгү.
5-берене. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо
1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жарандардын мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарын коргоо максатында, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарында белгиленет.
2. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо автоматташтырылган маалымат системалары аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт, арыз ээлери жана жарандык абалдын актысына жазуу жүргүзүүчү жарандык абалдын актыларын жазуу органынын кызматкери тарабынан кол коюлат.
21. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу арыздар жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Жарандык абалдын актыларын каттоо арыз ээси кайрылган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу берилген жарандык абалдын актысын мамлекеттик каттоо жөнүндөгү арыз арызда көрсөтүлгөн жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан каралат.
31. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.