Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2026-жылдын 24-июлундагы № 122 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 31-июлу № 209
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаты
Өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
3-берене. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) пайда табуучу - турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору, же болбосо укук улантуучусу болуп саналган жак;