Загрузка документа…
Көңүл бурунуздар!
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 24-июлундагы № 122
Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып
алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
Көңүл бурунуздар!
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 8-июнундагы № 85
Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып
алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГРАЖДАНДЫК КОДЕКСИ
II БӨЛҮК
1998-жылдын 5-январы № 1
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2000-жылдын 18-январындагы № 24, 2003-жылдын 17-февралындагы № 39, 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2004-жылдын 11-мартындагы № 20, 2005-жылдын 4-июлундагы № 94, 2007-жылдын 31-июлундагы № 121, 2008-жылдын 19-мартындагы № 24, 2008-жылдын 8-майындагы № 80, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 215, 2009-жылдын 30-мартындагы № 104, 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2011-жылдын 10-июнундагы № 35, 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2013-жылдын 30-майындагы № 85, 2013-жылдын 24-июлундагы № 162, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2014-жылдын 3-июлундагы № 111, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 24-июлундагы № 191, 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 9-мартындагы № 42, 2017-жылдын 10-майындагы № 79, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2018-жылдын 21-июнундагы № 61, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 , 2018-жылдын 10-декабрындагы № 100 , 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 49, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105, 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2023-жылдын 5-октябрындагы № 185, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-майындагы № 88, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 90 , 2025-жылдын 2-июлундагы № 131, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 8-июнундагы № 85, 2026-жылдын 24-июлундагы № 122, 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР 1998-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген)
КР Граждандык Кодексинин I БӨЛҮГҮН дагы караңыз
IV БӨЛҮМ МИЛДЕТТЕНМЕНИН АЙРЫМ ТҮРЛӨРҮ
23-Глава Соода-сатык
§1. Соода-сатык жөнүндө жалпы жоболор
415-статья. Соода-сатык келишими
1. Соода-сатык келишими боюнча тараптардын бири (сатуучу) товарды башка тараптын (сатып алуучунун) менчигине берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу ушул товарды кабыл алууга жана ал үчүн белгилүү акча суммасын (баасын) төлөөгө милдеттенет.
2. Эгерде мыйзамда баалуу кагаздарга жана валюта байлыктарына карата соода-сатыктын атайын эрежелери белгиленбесе, аларды сатууга ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.
3. Ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда, товарлардын айрым түрлөрүн сатып алуунун жана сатуунун өзгөчөлүктөрү мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
4. Эгерде мүлк укуктарынын мазмунунан же ушул укуктардын мүнөзүнөн башка эч нерсе келип чыкпаса, ал укуктарды сатууга карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.
5. Эгерде ушул Кодекстин эрежелеринде соода-сатык келишиминин айрым түрлөрү (чекене соода-сатык, товар тапшыруу, энергия менен жабдуу, ишкананы сатуу) жөнүндө башка эч нерсе каралбаса, келишимдин ушул түрлөрүнө карата ушул параграфта каралган жоболор колдонулат.