Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 3-августу № 214
Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 178, 2018-жылдын 30-мартындагы № 33 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2020-жылдын 15-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 17-мартындагы № 61 , 2024-жылдын 9-декабрындагы № 198, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
Ушул Мыйзам калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн мамлекеттик саясатынын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгекке жана жумушсуздуктан социалдык коргоого конституциялык укуктарын ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт.
1-берене. Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Башка мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жана ушул Мыйзамдын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардын ченемдери ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) жумушсуздар - жумушу же иш менен камсыз кылууга, эмгек акыга (кирешеге) теңештирилген иши жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр эмгекке жарамдуу курактагы жарандар;
2) убактылуу иш менен камсыз кылуу - убакыттын белгилүү бир мезгилинин ичинде келишим боюнча аткарылуучу туруктуу эмес жумуш;
3) иш менен камсыз кылуунун ыңгайлуу түрлөрү - кызматкерлерди иш менен камсыз кылуунун стандарттык эмес шарттарын (толук эмес иш убактысы, вахталык ыкма жана башка) колдонууга негизделген жумушчу күчүн пайдалануунун түрлөрү;
4) жумуш издеген жарандар - жумуш (жаңы) издеген жана ага киришүүгө жөндөмдүү эмгекке жарамдуу жарандар. Алар ылайыктуу жумуш издөө максатында калкты иш менен камсыз кылуу кызматында катталган жана катталбаган болушу мүмкүн;
5) иш менен камсыз кылуу - жарандарга киреше (эмгек акы) алып келүүчү, алардын жеке жана коомдук керектөөлөрүн канааттандыруу менен байланышкан, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ар кандай эмгек иши;
6) иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучу жумушсуз жана жумуш издеген калктын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик колдоо чаралары;
7) акы төлөнүүчү коомдук жумуштар - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдары менен бирге уюштуруучу, жарандарды убактылуу иш менен камсыз кылуу үчүн иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарынын жолдомосу боюнча алар тарабынан аткарылуучу жана социалдык-пайдалуу багыты бар жумушсуз жарандын алдын-ала кесиптик даярдыгын талап кылбаган, эмгек ишинин түрлөрү;
8) иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызматтын органы - иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясатын ишке ашыруучу жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик орган;