Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-январы № 24
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү
жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым
мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып колдонууга киргизилсин.
2-берене
“Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 496-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси – кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм.”;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 141–146-статьялар менен толукталсын:
“141-статья. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө же өзгөртүүдө иш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп Эмгек кодексине, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, уюмдун уюштуруу документтерине жана локалдуу ченемдик актыларга ылайык уюмдун жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адамдар саналат.
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүүдө же өзгөртүүдө, аларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын иш берүүчүлөрдүн тиешелүү бирикмелери көрсөтөт.
142-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрү
Ушул Мыйзамда каралган учурларда кызматкерлер тарабынан шайланган кесиптик бирликтер жана алардын бирикмелери, башка өкүлдөр социалдык өнөктөштүктөгү кызматкерлердин өкүлдөрү болуп саналат.
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишим түзүүдө жана өзгөртүүдө, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, кызматкерлердин иш берүүчү менен эмгек талаш-тартыштарын кароодо кызматкерлердин кызыкчылыктарын баштапкы кесиптик бирликтин уюму же кызматкерлер тарабынан шайланган башка өкүлдөр көрсөтөт.
Макулдашууларды түзүү жана өзгөртүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда кызматкерлердин кызыкчылыктарын тиешелүү кесиптик бирликтер, алардын аймактык уюмдары, кесиптик бирликтердин бирикмелери жана кесиптик бирликтердин аймактык уюмдарынын бирикмелери көрсөтөт.
Иш берүүчүлөр, мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар тарабынан түзүлгөн же каржылануучу органдар тарабынан кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга жол берилбейт.
Кесиптик бирликтер уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктарын анын башкаруу органдары (башкармалыгы, директорлор кеңеши, байкоочу кеңеш) аркылуу көрсөтүүгө укуктуу.
Кесиптик бирликтердин мүчөлөрү болуп саналбаган кызматкерлер иш берүүчү менен өз ара мамилелерде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун органына алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө келишимдик шарттарда ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
143-статья. Кызматкерлердин башка өкүлдөрү
Уюмда баштапкы кесиптик бирлик уюму жок болгон учурда, ошондой эле кызматкерлердин теңинен азын бириктирген кесиптик бирлик уюму болгон учурларда кызматкерлер келишимдик шарттарда жалпы чогулушта (конференцияда) өз кызыкчылыктарын көрсөтүүнү аталган кесиптик бирлик уюмга же болбосо башка өкүлгө тапшырууга укуктуу.
Уюмда башка өкүлчүлүктүү органдардын болушу кесиптик бирликтин уюмдары тарабынан өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдук боло албайт. Кесиптик бирликтердин ыйгарым укуктары кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары тарабынан алмаштырылышы же кайталанышы мүмкүн эмес.
144-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары
Кызматкерлердин өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) иш берүүчү менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого;
2) макулдашууларда жана жамааттык келишимде каралган учурларда уюмдун социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө катышууга;
3) эмгек мыйзамдарында каралган учурларда уюмдун локалдуу ченемдик актыларын иштеп чыгууга катышууга;
4) уюмда эмгек мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырууга;
5) жумуш орундарына белгиленген тартипте тоскоолдуксуз барууга, коомдук контролду жүзөгө ашыруу үчүн иш берүүчүдөн зарыл маалыматтарды алууга;
6) жамааттык эмгек талаш-тартыштарында кызматкерлердин өкүлү катарында чыгууга;
7) жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарда кызматкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле сотто доогер катары чыгууга;
8) уюмдун жетекчисинин жана ал ыйгарым укук берген адамдардын чечимдери, эгерде алар эмгек мыйзамдарына каршы келсе сотко даттанууга;
9) мыйзамдарда каралган тартипте иш таштоону жарыялоого.
Кызматкерлердин өкүлдөрү ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга, уставдарга жана жоболорго ылайык башка укуктарга да ээ.
145-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча иш берүүчүнүн милдеттери
Иш берүүчү ушул Мыйзамга, башка мыйзамдарга, жамааттык келишимге, макулдашууларга ылайык аларга берилген укуктарды жүзөгө ашырууда кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу төмөнкүдөй шарттарды түзүүгө милдеттүү:
1) кызматкерлердин кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдер кабыл алынганга чейин мыйзамдарда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган учурларда кызматкерлердин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүүгө;
2) кызматкерлердин өкүлдөрүнүн сунуштарын өз убагында кароого жана аларга кабыл алынган чечимдер жөнүндө негиздемеси менен билдирүүгө;
3) эмгек маселелери, башка социалдык-экономикалык маселелер боюнча зарыл маалыматтарды кызматкерлердин өкүлдөрүнө акысыз берүүгө;
4) ушул Мыйзамда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган башка милдеттерди кызматкерлердин өкүлдөрүнө карата аткарууга.
146-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери
Өндүрүштүк иштен бошотулбаган кызматкерлердин өкүлдөрүнө коомдук милдеттерди аткаруу үчүн макулдашууларда, жамааттык келишимде каралган шарттарда иштен бош убакыт берилет.
Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын шайлануучу кызмат орундарына шайлоонун натыйжасында өндүрүштүк иштен бошотулган кызматкерлерге алардын шайлануучу ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин ошол эле уюмда мурдагы иши (кызмат орду), ал эми ал жок болгон учурда ага тете башка иши (кызмат орду) берилет.”;
3) 18-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби
Келишимдин предмети жана аларды түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашуулардын төмөнкүдөй өз ара байланышы белгиленет, мында түзүү мөөнөттөрү боюнча башкы макулдашуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө карата жалпы принциптерди жана мамилелерди аныктоочу катары алдыда болууга тийиш, калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган аралыкта түзүлүшү мүмкүн.
Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууларды иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аларга кошулуу тартиби комиссиялардын чечимдери менен бекитилет. Макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
Эгерде макулдашуунун өзүндө башкача каралбаса, макулдашуу тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Макулдашууну колдонуу мөөнөтү, анын аткарылышын контролдоо тартиби жана жаңы макулдашууну түзүү мөөнөттөрү макулдашуудагы тараптар тарабынан аныкталат.
Башкы, тармактык жана аймактык макулдашууларды жактыруу тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана макулдашуунун тараптарынын бири жайгашкан жери боюнча жергиликтүү аймактык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.”;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 221-статья менен толукталсын:
“221-статья. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби
Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелерин кароону тандоодо эркин болушат.
Уюмда эки же андан ашык баштапкы кесиптик бирликтин уюмдары же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы болгон учурда, алар тарабынан жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдин бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу жана аны түзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлөт. Бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү кесиптик бирликтин жана башка өкүлчүлүктүү органдын мүчөлөрүнүн санына жараша пропорционалдуу өкүлчүлүк принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат. Мында кызматкерлердин ар бир өкүлчүлүктүү органы көрсөтүлүүгө тийиш.
Эгерде жамааттык сүйлөшүүлөр башталган учурдан тартып 5 календардык күндүн ичинде бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлбөсө, анда бардык кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүктү уюмдун кызматкерлеринин жарымынан көбүн бириктирген кызматкерлердин баштапкы өкүлчүлүктүү органы жүзөгө ашыра алат.
Эгерде уюмдун кызматкерлеринин баштапкы өкүлчүлүктүү органдарынын бири да кызматкерлердин жарымынан көбүн бириктирбесе, анда кызматкерлердин жалпы чогулушу (конференциясы) жашыруун добуш берүү менен өкүлчүлүктүү органды түзүү тапшырылган уюмдун баштапкы өкүлчүлүктүү органын аныктайт.
Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда башка баштапкы кесиптик бирликтин уюмдарында жамааттык келишимге кол коюлганга чейин өкүлчүлүктүү органдын курамына өз өкүлдөрүн жиберүү укугу сакталат.
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, республиканын, тармактын, аймактын деңгээлинде кызматкерлердин атынан макулдашууларга кол коюуга тиешелүү кесиптик бирликтерге (кесиптик бирликтин бирикмелерине) укук берилет. Тиешелүү деңгээлдеги бир нече кесиптик бирликтер (кесиптик бирликтердин бирикмелери) бар болгон учурда, алардын ар бирине кесиптик бирликтин сунушталган мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен түзүлүүчү бирдиктүү өкүлчүлүктүү органдын курамына өкүлчүлүк кылуу укугу берилет. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү жөнүндө макулдашуу жок болгон учурда, аларды жүргүзүү укугу кесиптик бирликтин (кесиптик бирликтердин) мүчөлөрүнүн эң көп санын бириктирген кесиптик бирликке (кесиптик бирликтердин бирикмесине) берилет.
Тараптар жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен, өздөрүндөгү зарыл болгон маалыматтарды бири-бирине берүүгө тийиш.
Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан башка адамдар, эгерде алар мыйзам менен корголуучу жашыруун сырга (мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка) тиешелүү болсо, алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар мыйзамдарда белгиленген тартипте тартиптик, административдик, жарандык-укуктук, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү, орду жана тартиби көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары болуп саналган тараптардын өкүлдөрү тарабынан аныкталат.
Жамааттык келишимди, макулдашууну түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.”.
3-берене
“Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 43-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-статьяда:
а) аталышы “мазмуну” деген сөздөн кийин “жана түзүмү” деген сөздөр менен толукталсын;
б) биринчи бөлүктө “Жамааттык келишимдин мазмунун” деген сөздөр “Жамааттык келишимдин мазмунун жана түзүмүн” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Жамааттык келишимдин иш-аракети уюмдун, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана алардын атынан түзүлгөн башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлерине жайылтылат.”.
4-берене
(КР 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене
“Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1049-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: