Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 29-апрели № 53

"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 8, 469-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-статьяда:

а) 4-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдарга, шашылыш (токтотуусуз) медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт.";

2) 8-статьянын 3-бөлүгүндө "акысыз" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 9-статьяда:

а) жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жашоо үчүн маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмегине киргизилген дары-дармек каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү көлөмдө камсыз кылууга;";

б) сегизинчи абзацында "акысыз" деген сөз алып салынсын.

2-берене.