Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 4-октябры № 83
Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 53, 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдардын атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам алышы үчүн укуктук негиз түзөт.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Врач-онколог - шишиктерге диагноз коюу, аларды дарылоо жана алдын алуу жаатында даярдыктан өткөн адис-врач.
Зилдеме жаңы шишик - тезинен чоңоюп, айланасындагы ткандарга жармашып өсүүчү, аларды бузуучу, ырбама шишик.
Онкология - шишиктердин пайда болуш себептерин, өсүш жолдорунун клиникалык байкалышын иликтөөчү жана аларга диагноз коюунун, дарылоонун, алдын алуунун усулдарын иштеп чыгуучу медицина менен биологиянын тармагы.
Онкологиялык кызмат - иши зилдеме жаңы шишиктерди өз убагында табууга, алардын алдын алууга жана дарылоого багытталган илимий, дарылоо жана алдын алуу саламаттык сактоо уюмдарынын тутуму.
Соопчулук ишканалары менен мекемелери - жарандардын айрым катмарларынын кызыкчылыгында соопчулук ишин жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес уюмдар.
Терминалдык стадия - зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан ылаажысыз (атайын дарылоого болбогон) оорулуулардын биологиялык өлүмүнүн алдындагы организмдин аткарган кызматтарынын бүтүп бараткан абалы.
Цитологиялык изилдөө - органдардан жана ткандардан алынган дары-дармектердеги айрым клеткалык элементтерди микроскоптук иликтөөнүн усулдарын пайдалануу менен изилдөө жүргүзүү.
(КР 2018-жылдын 9-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)