Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 7-майы № 56
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "башчылары," деген сөздөн кийин "жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү "жана" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн.";
2) 6-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын депутаттарынан" деген сөздөр "жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;