Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-январы № 30
Жайыттар жөнүндө
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2022-жылдын 5-августундагы № 85 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамдары
Жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик токой фондунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына жана ушул Мыйзамга ылайык келиши керек.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган мамлекеттик орган.
Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия.
Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.
Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны.
Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары.
Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм.
Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план.
Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план.
Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.
Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору.
Жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын системасы.
Шалбаалантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы жайыт чөбүн өстүрүү максатында көп жылдык чөптөрдү айдоо.
Жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - чымды толук бузбастан, маданий жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Маданий жайыттар - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүү жолу менен жайыт чөбү өстүрүлгөн, үзгүлтүксүз каралган, жер семирткичтер чачылган, малды кашаалап (өлчөмдөп) жаюу жүзөгө ашырылган жайыт участоктору.
Тоют өсүмдүктөрү - мал үчүн тоютка пайдалануу максатында өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү.
Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен өстүрүлгөн, чөп баскан айыл чарба жери.
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу - жайыт инфраструктура объекттерин реконструкциялоого, оңдоого, реабилитациялоого, курууга багытталган иш-чаралар.
Асылдуулугу төмөн жайыттар - тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жайыттар.