Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 3-ноябры № 174
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу
Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы болуп саналган Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши ушул Мыйзамды кабыл алат.
1-берене.
Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын 11-декабрына, жекшембиге дайындалсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылсын (тиркелет).
3-берене.
Добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилсин:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан долбоору референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарылган "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
ООБА |
|
| ЖОК |
|
(тандап алынган квадраттагы жоопко тиешелүү белгини коюңуз)".
4-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча:
1) референдумду уюштуруу, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;
2) референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара тыгыз аракеттенүү менен референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылсын, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип турсун.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
1-берене.
2010-жылдын 27-июнунда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуланын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"адам, анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктар болуп саналган эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруу максатына берилгенибизди ырастап;