Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын-6-октябрындагы № 148 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2026-жылдын 1-ноябрынын тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-январы № 15
Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамы менен 2017-жылдын 1-июлунан колдонууга киргизилет)
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 25-июлундагы № 100, 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 12-январындагы № 11, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 4-июну № 111, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябры № 257, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. АТКАРУУ ӨНДҮРҮШҮНҮН НЕГИЗГИ ЖОБОЛОРУ
1-глава. Негизги жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары, жөнгө салуу предмети жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын максаты аткаруу документтерин реалдуу, толук жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам аткаруу документтерин аткарууга байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
3. Ушул Мыйзам аткаруу өндүрүшүнүн укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин, аткаруу документтерин ыктыярдуу жана мажбурлап аткартуунун шартын жана тартибин аныктайт, ошондой эле сот аткаруучулардын, жеке сот аткаруучулардын укуктук статусун жана алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене Аткаруу өндүрүшүнүн милдеттери жана принциптери
1. Аткаруу өндүрүшүнүн милдети жеке жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү болуп саналат.
2. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат: