Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-февралы № 30
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 18-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамы - электр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышынын тейлөө кызматтарын кандай болбосун пайдалануучуга электр байланышынын тейлөө кызматтарын акы төлөп көрсөтүү үчүн багытталган байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум;";
2) 28-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү ", ушул статьяда каралгандардан башка учурларда," деген сөздөр алып салынсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 30-статьяда:
а) 1-бөлүгүндөгү "Эксклюзивдик укуктарга ээ болгон же үстөмдүк кылуу абалын ээлеген" деген сөздөр "Үстөмдүк кылуу абалын ээлеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- эки же андан ашык оператор колдонуудагы тарамдар аралык байланыштыруу жөнүндө келишимдердин талаптары боюнча келише алышпаса.";