Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 2-апрели № 31
Электр байланышы жөнүндө
(КР 2001-жылдын 7-ноябрындагы № 88, 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2003-жылдын 11-июнундагы № 103, 2005-жылдын 4-июлундагы № 89, 2007-жылдын 15-августундагы № 152, 2012-жылдын 18-майындагы № 58, 2012-жылдын 23-майындагы № 62, 2013-жылдын 22-майындагы № 75, 2013-жылдын 11-июлундагы № 129, 2015-жылдын 20-январындагы № 20, 2015-жылдын 6-мартындагы № 51, 2017-жылдын 20-февралындагы № 30, 2017-жылдын 28-апрелиндеги № 68, 2017-жылдын 4-майындагы № 75 , 2019-жылдын 17-майындагы № 64 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 , 2021-жылы 24-августа № 102, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 124 , 2022-жылдын 30-июнундагы № 53, 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Электр байланышы Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарын канааттандырууга арналган.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында байланыш тармактарын эксплуатациялоо жана электр байланышынын кызматын көрсөтүү үчүн укуктук негиздерди белгилейт, мындай кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик аткаруу органдарынын компетенциясын, аларды көрсөтүүгө зарыл уруксаттарды алуу режимин, ошондой эле электр байланышы тармактарын эксплуатациялоочу жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүүчү юридикалык жана жеке жактардын (Кыргызтелекомду кошкондо) жана бул кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
Ушул Мыйзамдын жоболорунун күчү Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышы жаатында иш жүргүзүп жаткан бардык жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 173 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-берене. Электр байланышы жаатындагы иштин принциптери
Электр байланышы жаатындагы иш төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
- атаандаштыктын, жеке ишкердиктин жана коммерциялык өз алдынчалыктын негизинде электр байланышы кызматтарын көрсөтүү;
- электр байланышы жаатындагы саясатты иштеп чыгуу жана электр байланышы кызмат көрсөтүү операторлорунун жана аларды берүүчүлөрдүн ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттин функцияларын тармактарды эксплуатациялоо жана электр байланышы кызматтарын көрсөтүү боюнча функциялардан бөлүү;
- жогорку сапаттагы демейки жана инновациялык электр байланышы кызмат көрсөтүүлөрүн ар тараптан колдоо;
- электр байланышы тармактарына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;