Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 10-майы № 78
Лотереялар жөнүндө
(КР 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2021-жылдын 29-июлундагы № 89, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 30-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
1) аффилирленген жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгиге ылайык келүүчү жак:
а) кесиптик лотереяны уюштуруучунун жетекчиси, кызматкери, ошондой эле алардын жакын туугандары болуп саналат;
б) уюштуруучулары жана (же) катышуучулары саясий мамлекеттик кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар жана алардын жакын туугандары болгон жеткирүүчүлөр (подрядчылар) болуп саналат. Мында ушул белгиге акционердик коомдун 20 пайыздан аз акцияларына ээ болгон акционер кирбейт;
2) утуш - лотереялык билетке туш келген, лотереянын шарттарына ылайык утуп алды деп таанылган лотереянын катышуучусуна акчалай формада төлөнүүчү же анын менчигине натуралай формада өткөрүп берилүүчү байге фондунун бөлүгү. Мында утуштун лотереялык билетке туш келиши кокустук болуп саналат жана аны эч ким атайын жасап коюшу мүмкүн эмес;
3) лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акча - лотереялык билеттерди сатуудан алынган жана иш жүзүндө сатылган лотереялык билеттердин санына жана аларды лотереянын катышуучусу болуп калган адамдарга сатылган наркына жараша лотереянын (лотереялык билеттин) шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча эсептелген акча каражаттарынын жалпы көлөмү;
4) лотереянын кирешеси - лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентин, лотереяларды чыгаруу, башкаруу жана сатуу менен байланышкан, ошол пайдага кошулган операциялык жана административдик чыгымдарды алып салгандан кийинки лотерея өткөрүүдөн түшкөн акча;
5) лотерея - ушул Мыйзамга, лотереяны өткөрүү шарттарына ылайык өткөрүлүүчү оюн, анда бир тарап (лотереяны уюштуруучу) байге фондун ойнотууну өткөрөт, ал эми экинчи тарап (лотереянын катышуучусу), эгерде ал лотереяны өткөрүү шарттарына жараша утуп алды деп таанылса, утушка укук алат;
6) лотереялык иш - топтук же массалык оюндарды уюштуруу менен байланышкан иштин (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрү, анын жүрүшүндө лотереянын уюштуруучусу лотерея катышуучуларынын - лотерея билеттеринин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу лотереянын байге фондун ойнотууну жүргүзүүнү камсыз кылат. Мында утуш лотереялык иштин субъектинин эркине жана аракеттерине көз каранды болбойт;
7) лотереялык билет - таркатуу үчүн атайын даярдалган маалыматты алып жүрүүчү (кагаз же электрондук формада) же лотереянын оюн системасы менен белгиленүүчү жана адамдын өткөрүлүп жаткан лотереяга катышууга жана эгерде ушул билетке утуш туш келсе, утушту алууга укугун ырастоочу жекече идентификациялык номер (код);
8) лотереялык жабдуу - тираждык лотереяда оюн өткөрүү үчүн арналган техникалык (механикалык, электрдик, программалык-аппараттык комплексти кошуп алганда, электрондук) түзүлмө;
9) лотереялык терминал - лотереялык билеттерди сатуу жана (же) лотереялык ставкаларды (лотереялык комбинацияны (комбинацияларды) тандоо же болбосо киргизүү) кабыл алуу, ошондой эле лотереяны өткөрүү шарттарында каралган, лотереялык ставканы (ставкаларды) каттоону бышыктоочу документти берүү үчүн арналган жабдуу. Лотереялык терминал төлөнүүчү булактан жекече киреше салыгын кармоону эске алуу менен, утуштарды төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн да карай алат;
10) лотереялык комбинация - лотереяны өткөрүү шарттарында каралган символдордун (жазуулардын, сандардын, белгилердин, сүрөттөрдүн) жыйындысы, ал жеңүүчүнү (жеңүүчүлөрдү), утуштун болушун жана өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берет;