Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 6-августу № 88
Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлунда № 82, 2022-жылдын 18 январындагы № 4, 2022-жылдын 4-июлундагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамынын, 2023-жылдын 9-мартындагы № 54, 2023-жылдын 23-мартындагы № 64, 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89, 2025-жылдын 12-августундагы № 198
Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
182-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацында "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 773-статьянын 3-пунктунда "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 933-статьянын 1-бөлүгүндө "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Коммерциялык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 128-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 11-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Финансылык чалгындоо органына коммерциялык сырга жеткиликтүүлүк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.";
2) 12-статьяда: