Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы N 256 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 161
Медиация жөнүндө
(КР 2023-жылдын 8-августундагы № 166 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында талаштарды жөнгө салуу боюнча медиацияны колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү, өнөктөштүктүн иштиктүү мамилелерин өнүктүрүү, иштиктүү карым-катыш этикасын калыптандыруу, социалдык мамилелерди шайкештөө максатында иштелип чыккан.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам медиацияны жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик укук мамилелеринен келип чыгуучу талаштарга карата колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
2. Медиация жазык-укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаштарга карата, мыйзамда түздөн-түз каралган учурларда колдонулат.
3. Эгерде талаш медиацияга катышпаган же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, бул адамдар же аракетке жөндөмсүз адамдардын мыйзамдуу өкүлдөрү процесске медиация тарабы катары чыккан учурларды кошпогондо, медиация колдонулбайт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) медиация - талашкан тараптардын өз ара алгылыктуу макулдашуусуна жетишүү максатында алардын кызыкчылыктарын макулдашуу жолу менен медиатордун (медиаторлордун) көмөк көрсөтүүсүндө талашты жөнгө салуу жол-жобосу;
2) медиатор - ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берүүчү, медиацияны жүргүзүүдө тараптарга жардам көрсөтүүчү көз карандысыз жеке жак;
3) медиация тараптары - талашты медиация аркылуу жөнгө салууга макулдугун билдирген жеке жактар жана (же) юридикалык жактар;