Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 12-августундагы № 198 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 13-апрели № 39
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2018-жылдын 1-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 26-29-пункттар менен толукталсын:
26) "Жараксыз эсеп-фактура" - ушул Кодексте белгиленген мөөнөттөрдө КНС боюнча отчеттуулук бериле турган айдан кийинки айдын 15-числосуна чейин КНС боюнча отчет берилбеген жана/же тариздөөнүн жана колдонуунун белгиленген тартибин бузуу менен, ошондой эле КНСтин эсеп-фактураларын түзүү жана жүгүртүү тартибин бузуу менен салык төлөөчү тарабынан таризделген КНСтин эсеп-фактурасы.
27) "Товарды маркалоо" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык идентификациялоо каражаттарын товарга же анын таңгагына түшүрүү/бекитүү.
Ушул пункттун максатында өзүнө маалыматтарды камтыган штрих же башка код түрүндө берилген, же радиожыштык белгисине жазылган, же автоматтык идентификациялоонун башка каражаттарын же технологияларын колдонуу менен берилген машина окуй ала турган формадагы символдордун уникалдуу ырааттуулугу идентификациялоо каражаты деп таанылат.
Товарды маркалоонун каражаты деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жана/же Евроазия экономикалык бирлигинин мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматтарды камтыган акциздик жыйымдын маркасы таанылышы мүмкүн.
Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, идентификациялоо каражаттары, идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, товарларды маркалоону киргизүү мөөнөтү жана маркалоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
28) "Товарларды жүгүртүү":
а) Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү, аларды ташуу, Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алуу жана сатуу, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоо;