Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 23-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө
2018-жылдын 13-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети 1-тиркемеге ылайык кирешелер боюнча 54562418,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 53095587,7 миң сом суммасында бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджетинин профицити 1466830,3 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-2021-жылдарга бюджетинин божомолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо каражаттары 4-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2019-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө чыгашаларын эске алуу менен 21038980,1 миң сом суммасында белгиленсин.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоо 2019-жылга 2388285,3 миң сом суммасында белгиленсин.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун каржылоо 2019-жылга 290207,6 миң сом суммасында белгиленсин.
7-берене.