Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 29-марты № 41
Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 20-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, үлүштүк инвестициялык фондго акча каражаттарын тартуу инвестициялык үлүштөрдү жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";
2) 2-статьяда:
а) биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аффилирленген жак - башка жеке же юридикалык жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге төмөнкүлөрдүн күчү менен тикелей же кыйыр таасир көрсөтө алган кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак:
- түзүлгөн келишимдин;
- акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээ болуунун;
- юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналганынын;
- жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча башка жеке же юридикалык жак жеке же юридикалык жакка карата контролду жүзөгө ашыра алганынын.";
в) төртүнчү абзацында ", баалуу кагаздар рыногунун катышуучусу" деген сөздөр "же болбосо башкаруучу компания" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: