Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 26-июлу № 92

Инвестициялык фонддор жөнүндө

Ушул Мыйзам инвестициялык фонддордун укуктук статусун жана венчурдук фонддорду жөнгө салуунун айрым маселелерин аныктайт.

(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

I бөлүм Жалпы жоболор

1-статья. Инвестициялык фонд жана венчурдук фонд түшүнүгү

1. Өзүнүн инвестициялык активдерин чыгаруу жана көпчүлүктүн алдына жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу жана тартылган акча каражаттарын кийин баалуу кагаздарга диверсифицикациялуу инвестициялоо үчүн түзүлүүчү, ушул Мыйзамда каралган жамааттык инвестициялоо түрлөрү инвестициялык фонддор болуп саналат. Ушул Мыйзамда белгиленген учурларда, инвестициялык фонддорго акча каражаттарын тартуу жеке сунуштоо аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасында инвестициялык фонд катары акционердик инвестициялык фонддор жана үлүштүк инвестициялык фонддор иштешет.

3. Акционердик инвестициялык фонд катары:

- акцияларды ачык сатуу жолу менен жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын тарткан;

- тартылган каражаттарды жана инвестициялык ишмердүүлүк учурунда алынган каражаттарды инвестициялык автивдерге инвестициялаган ачык акционердик коом таанылат;

- (төртүнчү абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы N 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Бешинчи абзац КР 2011-жылдын 17-октябрындагы N 172 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Ушул Мыйзамда акционердик инвестициялык фонддор деп төмөнкүлөр таанылбайт:

а) коммерциялык банктар жана башка кредиттик мекемелер;

б) камсыздандыруу уюмдары;

в) холдинг компаниялар;