Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-майы № 66
Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 18-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-статьяда:
а) 1-пункттун экинчи абзацы "калкты" деген сөздөн кийин ", ошондой эле өнөр жай объекттерин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 3-1-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, аймакты инженердик даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганга чейин, инженердик камсыз кылуу жана транспорттун жалпы системасынын айрым бөлүктөрүнүн кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон участокко келүүчү жолдорду салуу, магистралдык-инженердик тармактарды жайгаштыруу боюнча иштер аяктаганга чейин бөлүнгөн участокто шаар куруу комплексин курууну баштоого жол берилбейт.";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Өнөр жай объекттерин куруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезектүүлүгүн эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу менен курулуш долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт.";
2) 29-статьянын үчүнчү абзацында "тиешелүү уруксатысыз" деген сөздөр "долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын он корутундулары болмоюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 36-статьяда:
а) 3-пунктунда "курулушка уруксат берилгени жана ал берилген мөөнөтү" деген сөздөр "долбоордук-сметалык документтердин экспертизасынын он корутундусунун бар экендиги жана ал берилген дата" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-пунктунда "Курулуш ниетин ишке ашырууга жер участогун же белгиленген тартипти бузуу менен курулуш иштерине уруксат" деген сөздөр "Жер участогун жана курулуш ниетин ишке ашыруу үчүн документтерди белгиленген тартипти бузуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 39-статьянын 2-пунктунда "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы жекече турак жай курулушу чөйрөсүндөгү мыйзамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 41-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41-статья. Пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо