Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1991-жылдын 21-декабры № 689-XII
Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 28-сентябрындагы жана 2-ноябрындагы № 31-I, 2011-жылдын 13-декабрындагы № 236, 2013-жылдын 24-майындагы №79 , 2019-жылдын 18-майындагы № 66, 2025-жылдын 31-июлундагы № 184 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 690-XII токтому менен күчүнө кирген)
Бул Закон жекече турак жай курулушу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн укуктук база болуп саналат.
1-статья. Кыргыз Республикасынын граждандарынын жекече турак жайга укугу
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык республиканын граждандары жекече турак жайга укуктуу.
Бул укук мамлекет тарабынан жекече турак жай курулушун өнүктүрүүгө, колдонулуп жаткан жекече турак жай фондусун коргоого, ушул Закондун жана башка закон актыларынын негизинде жеке турак үйлөрдү курууга жер участкаларын адилеттик менен бөлүштүрүүгө көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат.
Закондо каралган негизден жана тартиптен башка учурларда эч ким ээлеген турак үйүнөн чыгарылышы же жеке турак үйүн пайдалануу укугунун чектелиши мүмкүн эмес. Турак жай укуктарын ишке ашырууда анын максатына каршы аракеттенүүгө же башка граждандардын, ошондой эле мамлекеттик жана башка уюмдардын укуктарын бузууга жол берилбейт.
2-статья. "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законунун милдеттери
Жекече турак жай курулушуна граждандардын укуктарын камсыз кылуу, жеке үй куруучунун керектөө укуктарын коргоо, жекече турак үйдүн техникалык жана архитектуралык деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле турак жай мамилелери жагынан закондуулукту чыңдоо максатында мамлекет менен жеке үй куруучулардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салуу "Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законунун милдетине жатат.
3-статья. Жекече турак жай фондусун калыптандыруу
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жекече турак үйлөр жекече турак жай фондусун түзөт.
Жекече турак жай фондусу жаңы курулуштун, шаарлардагы жана айыл жериндеги жекече турак үйлөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана башка уюмдарга таандык болгон квартираларды жана үйлөрдү граждандардын жеке менчикке алышынын (сатып алышынын), сатууга курулган жекече турак үйлөрдү, көп кабаттуу турак үйлөрдөгү жана граждандардын менчигиндеги турак жай-курулуш кооперативдеринин квартираларын аукциондон сатып алуунун эсебинен калыптанат.
(КР 2011-жылдын 13-декабрындагы № 236 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Жекече турак үйдүн жашай турган жана жалпы аянтынын нормасы
Граждандардын өздүк эмгек кирешелеринин эсебинен тургузула турган үйдүн адам жашай турган жана жалпы аянтынын максималдык өлчөмү турак үйдү курууга бөлүнгөн жер участогунун аянты менен гана чектелет.
Жашай турган жана жалпы аянтынын минималдык өлчөмү ошол райондун санитардык-техникалык нормаларына ылайык келүүгө тийиш.