Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-июлу № 83
Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 конституциялык Мыйзамы редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 1-февралындагы № 21, 2022-жылдын 30-июнундагы № 49, 2023-жылдын 15-августундагы № 181, 2025-жылдын 21-январындагы № 18 , 2026-жылдын 21-майындагы N 72
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-статьянын 20-пунктунда ", ошондой эле мамлекеттик статистика органдарындагы статистикалык," деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен белгиленген тартипте жеке ишкер" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьянын 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика тармагындагы компетенттүү органдар" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-берененин 5-бөлүгүндө "мамлекеттик статистика органдарынын" деген сөздөр "расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5-берене.
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: