Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 1999-жылдын 16-июну № 53
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2004-жылдын 11-августундагы № 113, 2005-жылдын 6-августундагы № 124, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 131, 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2014-жылдын 13-мартындагы № 42, 2015-жылдын 12-январындагы № 3, 2015-жылдын 16-январындагы № 17, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2016-жылдын 25-июлундагы № 135, 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Бөлүм. Жалпы жоболор II Бөлүм. Айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү III Бөлүм. Жаратылышты пайдалануу IV Бөлүм. Чарбалык жана башка ишке карата коюлуучу экологиялык талаптар V Бөлүм. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы контролдук VI Бөлүм. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо VII Бөлүм. Экологиялык жагынан жагымсыз зоналар VIII Бөлүм. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын компетенциясы, коомдук бирикмелердин ыйгарым укуктары, жарандардын, жаратылышты пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери IX Бөлүм. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатында билим берүү, тарбиялоо, илимий изилдөөлөр, маалыматтар X Бөлүм. Экологиялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы талаштарды чечүү XI Бөлүм. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык мамилелер XII Бөлүм. Корутунду жоболор
Жаратылыш жана анын бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын улуттук энчиси, анын омоктуу социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясатты белгилейт жана укуктук мамилелерди жөнгө салат.
I БӨЛҮМ. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-статья. Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу жаатындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.
2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: биосфера - тирүү организмдер жашаган, алардын таасири астында турган жана алардын жашоо-тиричилигинин продуктулары ээлеген, анда Жердин глобалдуу экотутумдарын туюндурган биологиялык тутумдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлүүчү Жердин катмары; жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү - жаратылыш ресурстарынын ордун толтурууга жана көбөйтүүгө же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин жогорулатууга багытталган илимий, уюштуруучулук, экономикалык жана техникалык чаралардын жыйындысы; жаратылыш ресурстарын калыбына келтирүү - жаратылыштын антропогенндик таасиринин же табигый күчтөрүнүн натыйжасында жок болуп кеткен жаратылыш ресурстарын толуктоо же жаратылыш объектилеринин пайдалуу касиеттерин күчөтүү боюнча уюштуруу-техникалык экономикалык жана башка чаралар; озонду бузуучу заттарды калыбына келтирүү - озонду бузуучу заттардын керектөө касиеттерин калыбына келтирүү максатында чыпкалоо, кургатуу, дистилляциялоо, химиялык иштетүү жолу менен рекуперацияланган озонду бузуучу заттарды иштетүү; айлана-чөйрөгө келтирилген зыян - айлана-чөйрөнүн абалындагы адамдын ишинен улам, чөйрөнүн булганышынын, жаратылыш ресурстарынын кунарсызданышынын, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулушунун, бүлүнүшүнүн натыйжасында келип чыккан, адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө, материалдык баалуулуктарга айкын коркунуч келтирген терс өзгөрүүлөр; зыяндуу заттардын абага чыгарылышы, агызып чыгарылышы - кандайдыр бир булгоочу булактардан тышкы чөйрөгө (атмосфералык абага, суу объектилерине, жерге) булгоочу заттардын чыгарылышы; жаныбарлар дүйнөсү - табигый эркин абалда болгон, экологиялык, экономикалык жана маданий-ден соолукту чыңдоочу милдеттерди аткаруучу курт-кумурскаларды, сойлоп жүрүүчүлөрдү, жырткычтарды, канаттууларды, балыктарды жана башка жаныбарларды камтыган мыйзам тарабынан корголуучу жаратылыш объектиси (ресурсу); булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар; коргоо зоналары (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - чарбалык иштин терс таасирин же жаратылыштын табигый күчтөрүнүн зыяндуу таасирин болтурбай коюу максатында мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режимдеги табигый мейкиндиктин (жер, суу, кен) бир бөлүгү; жашыл зоналар - адам жашаган чөйрөгө чарбалык иштин терс таасир тийгизишин болтурбай коюу максатында мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген шаарлардын, өнөр жай борборлорунун айланасында жайгашкан, токой, калкалап турган жашылдандыруучу өсүмдүктөр өскөн коргоо зоналарынын бир түрү, жер мейкиндигинин бир бөлүгү; курорттук зоналар - курортко тиешелүү санитардык-гигиеналык ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык шарттарды камсыз кылуу максатында мыйзам боюнча өзгөчө корголуучу режим белгиленген курорттун, анын санитардык коргоо чөлкөмдөрүн камтыган коргоо зоналарынын бир түрү, жер суу мейкиндигинин бир бөлүгү; дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу зоналар - караңыз: коргоочу, курорттук, жашыл, рекрациялык зоналар; корголуучу зоналар (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - корук объектилерин кайтаруу максатында жаратылышты пайдаланууга белгилүү бир чектөөлөрдү киргизүү аркылуу коруктардын, улуттук жаратылыш парктарынын аймактарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте түзүлгөн коргоо зоналарынын бир түрү, мейкиндиктин бир бөлүгү; санитардык коргоо зоналары - атмосферанын жерге жакын жайгашкан катмарында булгоочу заттардын болушунун талап кылынган гигиеналык ченемдерин камсыз кылуу, ишканалардын, транспорт коммуникацияларынын, электр берүү линияларынын, калктын айланасындагы жеке таасир берүүчү факторлордун - ызы-чуунун, термелүүнүн деңгээлинин жогорулашынын, инфра үндүн, электрмагниттик толкундардын жана статикалык электрлештирүүнүн терс таасирин азайтуу үчүн арналган аймактар; рекреациялык зоналар - эс алуу жана туризм үчүн пайдаланылуучу айлана-чөйрөнүн мейкиндигинин бир бөлүгү, анын ичинде жашыл, курорттук, дарылоочу - ден соолукту чыңдоочу зоналар; өзгөчө экологиялык кырдаалдар зоналары - адамдын ооруга чалдыгышы жана өлүмү орточо көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору болуп, кескин күчөгөнү аныкталган, жаратылыштын экологиялык тутумдарынын бузулуш, айлана-чөйрөнү булганыш, суу, жер, өсүмдүктөр жана жаныбарлар ресурстарынын азайыш процессинин белгилери так белгилүү болгон, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион); экологиялык кырсык зоналары - жаратылыштын экологиялык тутумдарынын толук бузулганынын, атмосфералык абанын, көлмөлөрдүн, кыртыштын булганганынын, суунун, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын ресурстарынын кедери толук кеткенинин белгилери белгилүү болгон жана калктын ооруга чалдыгышы жана өлүмү жогорку деңгээлде экени аныкталган, мамлекет тарабынан расмий түрдө жарыяланган аймактын бир бөлүгү (шаар, область, регион); айлана-чөйрө тууралу маалымат - суунун, абанын, кыртыштын, кен-байлыктарынын абалы, алардын абалына таасир тийгизе турган иш тууралу маалымат; жаратылыш ресурстарынын кадастры - жаратылыш ресурстарынын сандык жана сапаттык абалы, аларды экологиялык, экономикалык (анын ичинде дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу) жагынан баалоо тууралу маалыматтардын жыйындысы. Кадастрдын: жер, суу, токой, пайдалуу кен чыккан жерлер, жаныбарлар дүйнөсүнүн (балыктар менен жер үстүндөгү жаныбарлар боюнча өзүнчө), табигый, корук объектилеринин, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жаратылыш ресурстарынын кадастрлары сыяктуу түрлөрү бар. Алардын структурасы жана жүргүзүү тартиби (кадастрлардын) мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленет; Кызыл китеп - ага киргизилген сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан же жок болуу коркунучу алдында турган жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин жана козу карындардын биологиясы, таралышы жана жашоо чөйрөсүнүн абалы, аларды сактап калуу, калыбына келтирүү жана туруктуу пайдалануу боюнча көрүлүп жаткан жана сунушталуучу чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысы; лимит (айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы) - жаратылыш ресурсун алуунун, керектөөнүн, зыяндуу заттарды абага чыгаруунун, агызып чыгаруунун чектелген саны. Жаратылышты коргоо, анын ресурстарын сарамжал пайдалануу ага карата зыяндуу таасирлерди болтурбай коюу үчүн белгиленет; айлана - чөйрөнүн мониторинги - айлана-чөйрөнүн чен-өлчөмдөрүнө байкоо жүргүзүү, анын абалына баа берүү, күтүлүүчү өзгөрүүлөрдү болжолдоо; айлана-чөйрөнүн сапатын ченемдештирүү - айлана-чөйрөнүн сапаттык көрсөткүчтөрүнүн тутумун белгилөө; айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирлердин жол берилүүчү чектелген ченемдери - айлана-чөйрөнүн корголушун, жаратылыш ресурстарынын сарамжал пайдаланылышын, коомдун экологиялык коопсуздугун жана адамдын ден соолугун камсыз кылуучу чарбалык, рекреациялык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн абалына таасир тийгизишинин жол берилүүчү чектелген ченемдеринин көрсөткүчтөрү; айлана-чөйрөнүн сапаттык ченемдери - айлана-чөйрөнүн сапаттык абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр: зыяндуу заттардын, алардын абага чыгарылышынын, агызып чыгарылышынын жол берилүүчү чектелген концентрациясы (ЖБЧКсы), радиациялык таасирдин, ызы-чуунун деңгээлинин, термелүүнүн, магнит талааларынын жол берилүүчү чектелген деңгээли (ЖБЧДсы), айыл чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын химиялык заттардын жол берилүүчү чектелген ченемдери (ХЗЖЧсы), тамак аш азыктарындагы химиялык заттардын калдыктарынын жол берилүүчү чектелген саны, антропогенндик иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин жол берилүүчү чектелген ченемдери; айлана-чөйрөнү оң абалга келтирүү - чарбалык иштин зыяндуу экологиялык кесепеттерин болтурбай коюуга жана аларды четтетүүгө, адамды курчап турган чөйрөнүн сапатын жакшыртууга багытталган санитардык-гигеналык, экономикалык-укуктук чаралардын жыйындысы; озон катмары - тирүү организмдер үчүн зыяндуу таасири бар, космостон чыккан ультрафиолеттик нурланууну сиңирип алуучу, озондун молекулалары өтө көп топтолгон, уюлдарда 7-8 км бийиктиктеги, планетанын үстүнкү бетиндеги экватордо 17-18 км бийиктикте жайгашкан атмосфера катмары; айлана-чөйрө - адам жашаган чөйрө, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоосунун шарты, каражаты жана орду катары кызмат кылуучу биосфера, ал табигый экологиялык тутум катары жаратылышты жана адамдын аткарган ишинин натыйжасында кайра жаралган жаратылыш чөйрөсүнүн бир бөлүгүн камтып турат; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же жасалма келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук байлык болуп эсептелген, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын участоктору; таштандылар - сырьелордун, материалдардын, жарым фабрикаттардын, чарбалык иштин жүрүшүндө түзүлгөн башка буюмдардын жана продуктылардын калдыктары; айлана-чөйрөнү коргоо - жаратылыш байлыктарын сактоонун жана арбытып өндүрүүнүн, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун, адамды курчап турган жашоо чөйрөсүнүн сапатын жакшыртуунун негизинде коом менен жаратылыштын шайкеш өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму; айлана-чөйрөгө тийген таасирге баа берүү (АЧТТББ) - белгиленип жаткан чарбалык жана башка иштин болжолдуу таасирин, ал тарабынан айлана-чөйрөдө пайда боло турган өзгөрүүлөрдү аныктоо, талдоо, баа берүү жана долбоордук чечимдерде эсепке алуу; парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар; озонду бузуучу заттарды керектөө - башка мамлекеттерге экспорттолуучу озонду бузуучу заттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн жана башка мамлекеттерден импорттолгон озонду бузуучу заттардын жалпы саны; жаратылыш ресурстары - адамдын жаратылышты керектөөсүнүн табигый булактары (жер, суу, токой ресурстары, пайдалуу кендер, минералдык сырьенун корлору, радиоактивдүү материалдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, алардын компоненттери жана башка табигый жыргалчылыктар); жаратылышты пайдалануу - табигый-ресурстук потенциалды пайдалануунун жана аны сактоо боюнча чаралардын бардык формаларынын жыйындысы; жаратылышты коргоо мыйзамдары - экономикалык таламдарды илимий негизде айкалыштырууну жана айлана чөйрөнүн оптималдуу сапатына жетишүүнү камсыз кылуу максатында жаратылышты коргоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануунун тартибин белгилөөчү ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; озонду бузуучу заттардын рекуперациясы - аларды техникалык жактан тейлөөнүн жүрүшүндө же аларды пайдалануудан чыгаруу алдында машиналарда жана жабдууларда, алардын курамдык бөлүктөрүндө, контейнерлерде камтылган озонду бузуучу заттарды чыгаруу, топтоо жана сактоо; кайра циркуляциялоо - аларды кайталап пайдалануу максатында озонду бузуучу заттарды иштетүү; жаратылышты атайылап пайдалануу - аларды айлана-чөйрөдөн алып коюу аркылуу (казып алуу, жыйноо, иргөө жана башкалар) жүзөгө ашырылуучу жаратылыш ресурстарын пайдалануунун бардык түрлөрү; озонду бузуучу заттарды жок кылуу - аларды бузулууга же озонду бузуучу заттар болуп саналбаган затка айланууга алып келүүчү озонду бузуучу заттардын бузулуу процесси. айлана-чөйрөгө зыян келтирүү - коомдун айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында келип чыгуучу экономикалык жана акчалай түрдө эсептеле турган экономикадан тышкаркы жоготуулары; (Абзац 43 Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) экологиялык аудит - мурдагы жана азыркы проблемалуу маселелерди, потенциалдуу экологиялык тобокелчиликти жана жоопкерчиликти аныктоо максатында ишкананын, мүлктүн же иштин экологиялык абалына обзор берүү (текшерүү, баа берүү); экологиялык коопсуздук - антропогендик жана табигый таасирлердин натыйжасында келип чыккан коркунучтардан адамдын жана коомдун жашоосунун корголгондугунун шарты жана каражаттары катарында инсандын, коомдук турмуштук маанилүү таламдарынын, айлана-чөйрөнүн корголгондугунун абалы; экологиялык экспертиза - аларды ишке ашыруу тикелей же кыйыр түрдө айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарынын абалына таасир тийгизе турган, белгиленип жаткан чечимдердин экологиялык тобокелчилик жана коркунучтуулук деңгээлин аныктоо; экологиялык сертификация – экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү расмий документ экологиялык сертификат - экологиялык сертификациялоо тутумунун талаптарына ылайык иштелип чыккан, сертификациялана турган объектилердин экологиялык коопсуздук даражасын ырастай турган, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилүүчү расмий документ; экологиялык тутумдар - заттардын жана энергиянын алмашуу процессин жүзөгө ашыруучу айлана-чөйрөнүн табигый компоненттеринин бирдиктүү, туруктуу, өз ара байланыштуу, өз алдынча өнүккөн, өз алдынча жөнгө салынган жыйындылары. Табигый (алгачкы түзүлгөн), модификацияланган (өзгөртүлгөн), трансформацияланган (кайра түзүлгөн) экологиялык тутумдар деп айырмалашат; экологиялык контролдук - ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандардын айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча экологиялык талаптарды сакташын текшерүү; экологиялык укук бузуу - жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган жана айлана-чөйрө менен адамдын ден соолугуна зыян келтирген күнөөлүү, укукка жат жосун; экологиялык кылмыштар - белгиленген экологиялык укук тартибине, коомдун экологиялык коопсуздугуна шек келтирген, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтирген коомдук коркунучтуу күнөөлүү жосун. электромобилдер үчүн мамлекеттик каттоонун атайын жашыл түстөгү номердик белгиси - Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга таандык электромобилдерди мамлекеттик каттоодо берилүүчү, ак фондо жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси. Ушуну менен бирге, мындай номердик белгилер чет өлкөлүк жарандарга жана чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө берилбейт. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22, 2003-жылдын 11-июнундагы № 101, 2013-жылдын 11-мартындагы № 36, 2014-жылдын 13-мартындагы № 42, 2015-жылдын 12-январындагы № 3, 2018-жылдын 26-майындагы № 55, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 80, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери
Ар-бир жаран жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө жана чарбалык же башка ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген жагымсыз таасирлер аркылуу ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. Төмөндөгүлөр: - артыкчылык берүү принциби: адамдын жашоосу, эмгеги жана эс алуусу үчүн жагымдуу болгон айлана-чөйрөгө болгон укуктарын сактоонун айкын кепилдиктерин, адамдын жашоосун жана ден соолугун камсыз кылуучу айлана-чөйрөнү коргоого артыкчылык берүүнү камсыз кылуу; - тең салмактуулук принциби: экологиялык тутумдардын туруктуулугун сактоо, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сактоо, жаратылыш ресурстарын арбытып өндүрүү, айлана-чөйрө жана адамдын ден соолугу үчүн орду толбой турган кесепеттерге жол бербөө; - комплекстүүлүк принциби: коомдун экологиялык, экономикалык жана социалдык таламдарын шайкеш илимий негизделген түрдө ылайыкташтыруу, ресурстарды үнөмдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүнүн комплекстүүлүгү; - кармап туруу принциби: чарбалык иштин жана башка айлана-чөйрөгө таасирлердин тийгизген таасирин ченемдештирүү, экологиялык экспертизанын милдеттүүлүгү, негиздүүлүгү жана чектелиши. - жоопкерчилик принциби: айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бекем сактоо, аны бузгандык үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги, ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарбалар жана жарандар тарабынан айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу; - айкындуулук принциби: экологиялык кесепеттерге алып келген чарбалык жана башка иштин учурунда жаратылышты коргоо милдеттерин чечүүнүн маалымдуулугу, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланышта болуу, жаратылыш ресурстарын коргоого жана сарамжал пайдаланууга багытталган чараларга колдоо көрсөтүү жана түрткү берүү, айлана чөйрөнү коргоо жагында улуттук, региондук жана эл аралык таламдарды айкалыштыруу айлана-чөйрөнү коргоонун негизги принциптери болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 4-февралындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Корголуучу объектилер
Жер жана анын казыналары, кыртыш катмары, суулар, токойлор, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү жана алардын генетикалык фонду, атмосфера абасы, башка жаратылыш объектилери, комплекстер жана экологиялык тутумдар, ошондой эле жердин климаты менен озондук катмары жана жер планета катарында булгануудан, бузулуудан, зыянга учуроодон, жараксыз абалга келүүдөн, бузулуудан, жок кылуудан жана башка терс таасирлерден коргоолууга тийиш.
5-статья. Өзгөчө корголуучу объектилер
Өзгөчө экологиялык, жаратылышты коргоочу, илимий, тарыхый-маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу мааниге ээ болгон табигый же жасалма түрдө түзүлгөн жаратылыш комплекстери жана жаратылыш объектилери, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана тукум курут болуу коркунучу алдында турган түрлөрү жана алар жашаган жерлер өзгөчө корголууга тийиш. Кыргыз Республикасында жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары: мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, рекреациялык зоналар, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геологиялык парктар (геопарктар), жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар түзүлөт. Аймактарды тарыхый-маданий, эстетикалык, туристтик-рекреациялык жана дарылоо-ден соолукту чыңдоочу маанидеги объекттерге киргизүү, аларды түзүү тартиби жана укуктук статусу Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен жөнгө салынат. |