Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 89
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Күрөө жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 12-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж. № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьяда:
а) 1 жана 2-пункттарында "адистешкен финансы-кредиттик мекемелер" жана "атайын кредиттик мекемелер" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-пунктунда "финансы-кредиттик уюмдары" деген сөздөр "банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Турак жай-сактык кредиттик компаниялары
1. Турак жай-сактык кредиттик компания банктык эмес финансы-кредиттик уюм болуп саналат, анын иши аманатчылардын акчалай каражаттарын турак жай-сактык салымдарына топтоого жана анын аманатчыларына мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жеке курулуш, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.
2. Турак жай-сактык кредиттик компания акционердик коом формасында түзүлүүчү коммерциялык уюм болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусун алат.
3. Турак жай-сактык кредиттик компания ишин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын алууга тийиш.
4. Турак жай-сактык кредиттик компания төмөнкүдөй банктык операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жана мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта ишке ашырууга укуктуу:
1) турак жай сатык салымын, тактап айтканда контракттык турак жай сактык тутумунун аманатчысы (салуучусу) тарабынан турак жай-сактык кредиттик компаниянын контракттык турак жай сактык тутумунун аманатчысынын турак жай шарттарын жакшыртууга, ошондой эле жеке курулушка жана/же турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга багытталган эсепке салынган улуттук валютадагы акчалай каражаттарынын суммасын кабыл алуу;
2) турак жай шарттарын жакшыртууга, жеке курулушка, турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алууга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттерди берүү;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка операциялар жана бүтүмдөр.
5. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын капиталынын негизин толук төлөнгөн уставдык капитал түзөт, анын курамына турак жай-сактык кредиттик компания акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелери жок болгон жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келген уставдык капитал гана кирет. Турак жай-сактык кредиттик компаниянын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында, накталай эмес формада, акционерлердин (уюмдаштыруучулардын) акчалай каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт.