Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2005-жылдын 12-марты № 49
Күрөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 133, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2009-жылдын 30-мартындагы № 97, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2009-жылдын 26-майындагы № 173, 2009-жылдын 29-июнундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-июлундагы УӨ № 110Декретинин редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2014-жылдын 4-февралындагы № 27, 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2016-жылдын 22-апрелиндеги № 49, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 2-августундагы № 171, 2018-жылдын 30-январындагы № 17, 2018-жылдын 21-июнундагы № 61, 2019-жылдын 18-июлундагы № 89, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30, 2023-жылдын 23-майындагы №105, 2023-жылдын 26-июлундагы № 150 , 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-глава Күрөө жөнүндө негизги жоболор
1-статья. Күрөө түшүнүгү жана анын келип чыгышынын негиздери
1. Күрөө - бул менчик укугун же мүлккө карата дагы башка буюмдук укукту күрөөгө коюу менен акчалай же акча формасында туюнтулган милдеттенмени камсыз кылуу ыкмасы. Күрөөдөн улам кредитор күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме (күрөө кармоочу) боюнча ушул Мыйзам аркылуу белгиленген алып коюлгандар үчүн карызкор милдеттенмесин аткарбаган учурда же талаптагыдай бүтүрбөсө, күрөөгө коюлган мүлкүнүн наркынан күрөө берүүчүнүн башка кредиторлорунун алдында артыкчылык менен өз талаптарын канааттандырууга укугу бар.
2. Күрөө мыйзамдын же Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жана ушул Мыйзамдын жоболоруна, күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык келип чыгат. Мындай келишим же өзүнчө келишим, болбосо күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин келип чыгышына алып келүүчү келишимдин бир бөлүгү болушу мүмкүн.
Күрөө күрөө кармоочуну ушул Мыйзамга ылайык күрөөгө коюлган мүлк укуктарына ээ кылат. Күрөө кармоочу күрөө жөнүндө келишимде каралган шарттарга ылайык өз укуктарын жүзөгө ашырат.
3. Күрөө менен ар кандай укук субъекттеринин (жеке жана/же юридикалык жактардын, мамлекеттин) ортосундагы мыйзамга жарактуу ар кандай милдеттенмени аркаруу камсыз кылынышы мүмкүн.
Ушул Мыйзамдагы күрөөгө байланыштуу кийинки кандай гана шилтемелер болбосун ипотеканы да өзүнө камтыса, эгерде келишимдин маңызынан башкасы келип чыкпаса, күрөө кармоочуга же күрөө берүүчүгө жасалган кандай гана шилтеме болбосун күрөө же ипотека боюнча күрөө кармоочуга же күрөө берүүчүгө жасалган шилтеме болуп саналат.
4. Күрөө кармоочу ошол эле негизде күрөөгө коюлган мүлктүн жоголгону же бүлүнгөнү үчүн, эгерде жоготуу же бүлүнтүү күрөө кармоочунун күнөөсү боюнча болбосо, ал кимдин пайдасына камсыздалгандыгына карабастан, камсыздандырууну калыбына келтирүү менен канагаттануу алганга укугу бар.
2-статья. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде башкача каралбаса, күрөө боюнча укук мамилелеринин өзгөчөлүктөрү жер, банк мыйзамдары жана банкроттук жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.
2. Эгерде мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
21. Жарандар жана юридикалык жактар келишимдин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөдө жана жарандык мыйзамдарга карама-каршы келбөөчү келишимдин ар кандай шарттарын аныктоодо эркин болушат.
3. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле жарандыгы жок жактар күрөө боюнча мамилелерге келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары сыяктуу эле эрежелерден пайдаланышат, ошондой эле милдеттенмелерди алышат.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2017-жылдын 2-августундагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Күрөө жөнүндө келишим - бир тарап - күрөө (негизги милдеттенме) менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор болуп саналган күрөө кармоочу ушул милдеттенменин негизинде карызкорго койчу акчалай талаптарын башка тараптын - күрөө кармоочунун, көбүнчө ушул Мыйзам менен белгиленген мүлктү алып коюу иштери үчүн күрөө берүүчүнүн башка кредиторлор алдындагы күрөөгө коюлган мүлкүнүн же буюмдук укуктарынын наркынан артыкчылык менен канагат алууга укук берген келишим.
Күрөө берүүчү - менчик укугуна же күрөө жүйөсүнө карата дагы башка буюмдук укукка эгедер жак. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызкордун өзү же бул милдеттенмеге катышпаган үчүнчү бир жак да күрөө берүүчү болушу мүмкүн.
Күрөө кармоочу - негизги милдеттенмелери боюнча талаптары күрөө менен камсыз кылынган жак.
Күрөөгө коюлган мүлк - ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн күрөөгө коюлуучу кандай болбосун мүлк.
Кыймылдуу мүлк - акча жана баалуу кагаздарды кошкондо кыймылсыз мүлккө тиешесиз буюмдар.
Кыймылсыз мүлк - жер участкалары, кен байлык участкалары, обочолонгон суу объекттери жана жер менен бекем байланышкандардын бардыгы, б.а. өлчөмсүз аларды бир жерден экинчи жерге жылдыруу мүмкүн болбогон объекттер, анын ичинде токойлор, көп жылдык көчөттөр, имараттар, курулмалар ж.б.
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо - электрондук формада жүргүзүлүүчү жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо күрөө кармоочунун артыкчылыктуу укуктарын аныктайт.
Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлк укуктарын каттоо - кыймылсыз мүлккө карата укуктарды жана оордотууларды (чектөөлөрдү) мүлктү каттоонун милдеттүү жол-жобосу; мыйзамдын негизинде пайда болуучу ипотека же кыймылсыз мүлк (ипотека) жөнүндөгү келишимден келип чыгуучу укуктар кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Күрөөнү каттоо күрөөсүн каттаткан мурдагы күрөө кармоочусуна ушул күрөөнүн жүйөсүнө карата, ошондой эле үчүнчү жактардын кайсынысынын болсо да жасалуучу мамилеси боюнча кийинки күрөөлөрдүн кредиторлоруна караганда мурдагы күрөө кармоочусуна артыкчылыктуу укук берет.
Мыйзамдын негизиндеги кыймылсыз мүлк күрөөсү (мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотека) - кыймылсыз мүлктү банктын же башка кредиттик уюмдун карызга алынган акчалай каражатын (кредитин) же болбосо башка юридикалык же жеке жак берген максаттуу карыз каражатын пайдалануу менен сатып алууда пайда болуучу күрөө. Мындай учурда акча каражатын (кредит) берген банк же башка кредиттик уюм же болбосо кыймылсыз мүлктү сатып алууга максаттуу карыз берген юридикалык же жеке жак күрөө кармоочу болуп саналат. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотекага, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека жөнүндө келишимдин күчүнөн улам пайда болуучу күрөө жөнүндө эрежелер колдонулат.
Катталган күрөө - ушул Мыйзамдын 2-главасына ылайык каттоо жол-жобосунан өткөн күрөө.
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - милдеттери Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарлоосуна жазууларды киргизүү болуп саналган, Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган, ушул Мыйзамга ылайык иштөөчү мамлекеттик орган.
Күрөө кабарлоосу - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотулушу жөнүндө маалыматтарды камтыган Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу электрондук формадагы жазуу.
Арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтуучу, Кыймылдуу мүлккө карата талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу, кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү күрөө кармоочунун кагаз же электрондук формадагы кайрылуусу. Арыз кыймылдуу мүлккө талап укуктарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын күрөө кабарлоосуна тиешелүү жазууну киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуулардын катталган укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасы.
Кыймылсыз мүлк укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - "Кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген кыймылсыз мүлк укуктарын каттоонун бирдиктүү мамлекеттик тутуму.
Ипотека күрөөлүгү - анын ээсинин төмөнкүлөргө укугун ырастоочу документтик ордердик баалуу кагаз:
- бул милдеттенмелердин бар экендигинин башка далилдерин бербестен, ипотека менен камсыздалган акчалай милдеттенме боюнча аткарууну алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ипотека менен оорлотулган мүлктүн эсебинен ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелерди канааттандырууга.
(КР 2008-жылдын 17-декабрындагы № 265, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2011-жылдын 12-июлундагы № 93, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Күрөөнүн жүйөсү
1. Күрөөнүн жүйөсү менчик укугу же кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болбосун, буюмга болгон дагы башка буюмдук укук же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ажыратылса боло турган укуктар болушу мүмкүн.
2. Күрөөгө ар кандай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк болбосун, анын ичинде кандай товарлар, негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар, курулуштар, имараттар, курулмалар, анын ичинде курулуп бүтпөгөн жабдуу-шайман, товардык-материалдык корлор (запастар), даяр продукция, чектөөсү жок баалуу металлдар, бак-дарактар, материалдык жана руханий маданият объекттери, накталай акча (улуттугу да, чет өлкө валютасы да), кредиттик-акча каражаттары жана алардын туундулары, баалуу кагаздардын сертификаттары, жарандык жүгүртүүдөн алына элек дагы башка мүлк жүйө болушу мүмкүн.
3. Күрөөнүн жүйөсү: күрөө берүүчүгө таандык мүлк укуктары, анын ичинде мүлк укугун пайдалануунун роялти, акча алуу укугу, пайдалануу укугу, ижарачынын укугу, менчик укугунда күрөө берүүчүгө таандык болбогон буюмдардан пайда табуу укуктары, интеллектуалдык менчик укуктары, жазма формасындагы баалуу кагаздар укуктары, карыз талаптары, келишим милдеттенмелеринен келип чыгуучу дагы башка укуктар (талаптар). Белгилүү мөөнөттөгү иш-аракетиндеги укук анын иш-аракети бүткөн мөөнөткө чейин гана күрөөгө жүйөсү боло алат.
4. Күрөөнүн жүйөсү катары буюмдар же кийин пайда болуучу укуктар да, анын ичинде күрөө берүүчү чыгара турган продукциянын кийинки корлору же эч кандай чектөө коюлбаган дебитордук карыз да чыга алат.
5. Кыймылсыз мүлк жөнүндөгү эрежелер жер участкасын пайдалануу укуктарынын, ушундай мүлктүн ижарасы жөнүндө келишим боюнча ижарачынын укуктарынын күрөөсүнө карата колдонулат (ижара укугу), анткени мыйзам тарабынан башкасы каралган эмес жана бул мамилелердин маңызына да карама-каршы келбейт.
6. Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөөнүн жүйөсү болуп саналган башкы буюм бардык шаймандары менен бир бүтүн нерсе катары күрөөгө коюлган деп эсептелет. Анын арналуу багытын өзгөртмөүйүнчө натуралай бөлүштүрүүгө мүмкүн болбогон мүлктүн бир бөлүгү (бөлүнбөс буюм) күрөөгө өз бетинче жүйө боло албайт.
7. Бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүнөн куралган айыл чарба багытындагы жер участкасы ушул Мыйзамдын 49-статьясында белгиленген тарипте күрөөгө берилет.
8. Жеке мүнөздөгү, анын ичинде эмгек акыны, пенсияны алуу укугу, жеке кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу укугу күрөөнүн жүйөсү боло албайт.
Менчик ээси мамлекет болуп эсептелген пайдалуу кендерди, дагы башка жаратылыш ресурстарын иштетүү жана пайдалануу укугунун күрөөсү, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
5-статья. Өздөштүрүлгөн жер участкалары
1. Имараттын, курулманын же турак жайдын күрөөсү ушул имарат, курулма же турак жай жайгашкан жер участкасына, ошондой эле багытына ылайык күрөөгө коюлган объектти пайдаланууга зарыл жер участкасынын тиешелүү бөлүгүнө жайылтылат, бирок күрөө жөнүндөгү келишимге ылайык күрөө укугу имараттан, курулмадан же турак үйдөн бөлүнгүс бүт жер участкасына жайылтылышы мүмкүн.
2. Ушул келишим боюнча күрөөнүн жүйөсү болуп саналбаган имарат, курулма же турак үй жайгашкан жер участкасы күрөөгө коюлганда ушул имарат, курулма же турак үй турган жер участкасынын бир бөлүгү багытына ылайык объектти пайдаланууга зарыл жер участкасынын ошол бөлүгү күрөөнүн жүйөсү болуп эсептелбеген өзалдынча жер участкасы катары бөлүнүшү керек.
6-статья. Күрөө мамилелеринин субъекттери
1. Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар (анын ичинде чет өлкөлүк банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар), Кыргыз Республикасы, ошондой эле күрөө предметине менчик укугуна ээ мамлекеттер күрөө мамилелеринин катышуучулары болуп саналат.
2. Коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган талаптарды эсепке алуу менен күрөөгө байланышкан операцияларды жүзөгө ашырышат.
3. Айыл чарба багытындагы жерлердин күрөөсү жөнүндө келишим боюнча күрөө кармоочулар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясын же күбөлүгүн алган банктар жана банктык эмес финансы-кредиттик уюмдар болуп саналат.
4. Айыл чарба багытындагы жерлердин күрөөсү жөнүндө келишим боюнча күрөө берүүчүлөр күрөө жүйөсүнүн менчик укугуна эгедер жарандар болуп саналат.
(КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 198, 2019-жылдын 18-июлундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-статья. Мүлктү жана укуктарды күрөөгө берүү укугу
1. Күрөөгө менчик укугунда же ушул Мыйзамда белгиленген алып коюлар үчүн жана башка буюм укугунда күрөө берүүчүгө таандык кандай гана мүлк (буюмдар) болбосун же укуктар берилиши мүмкүн.
2. Укуктарды күрөөгө бергенде күрөөгө коюлуучу укук таандык болгон жак гана күрөө берүүчү боло алат.
Эгерде мыйзамда же келишимде башкасы каралбаса, пайдалануу укугуна эгедер жак күрөөгө өзүнүн пайдалануу укугун, анын ичинде, ижарага берүүчүнүн макулдугу менен гана күрөө жүйөсү боло алчу ижара укугун да күрөөгө берүүгө укуктуу.
3. Күрөө берүүчүгө чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон мүлк, анын ээсинин макулдугу менен күрөөгө жүйө боло алат.
4. Жарандык жүгүртүүдөн алынып коюлган же чек коюлган мүлктү же менчиктештирүүгө тыюу салынган мүлктү, болбосо мыйзам тартибинде милдеттүү түрдө менчиктештирүү каралган мүлктү, ошондой эле мыйзамга ылайык өндүрүп алууга айлантылышы мүмкүн болбогон мүлктү күрөөгө коюуга жол берилбейт.
5. Эгерде күрөөнүн жүйөсү кыймылсыз мүлк болуп, аны ажыратууга башка адамдын же органдын макулдугу же уруксаты талап кылынса, анда ушундай эле макулдук же уруксат ошол мүлктүн күрөөсү үчүн да зарыл.
6. Жалпы орток менчикте турган мүлк (ар бир менчик ээсинин жалпы менчиктеги үлүшү аныкталбастан) анын бардык менчик ээлеринин же алардын мүлкүн башкаруу үчүн менчик ээлери тарабынан тандап алынган жетектөөчү органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен күрөөгө берилиши мүмкүн. Мүлктү күрөөгө койгондон кийин кошумча менчик ээлери чыкса, алардан макулдук талап кылынбайт.
7. Жалпы үлүштүк менчикке катышуучу, башка менчик ээлеринин макулдугусуз эле жалпы менчиктеги өз үлүшүн күрөөгө койгонго укугу бар, эгерде ар бир менчик ээсинин үлүшү жалпы менчик укугунда аныкталса. Күрөө кармоочунун талабы боюнча өндүрүп алуу ушул үлүшкө айлантылганда, аны сатуу учурунда жалпы менчик укугундагы үлүштү сатуунун арыкчылыктуу укугу жөнүндөгү, өндүрүп алууну жалпы мүлктөгү үлүшкө айландыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин эрежелери колдонулат.
8. Кооперативдин же жалпы менчиги бар башка ишканалардын мүчөлөрү ишканага болгон өз укуктарын өз бетинче же жамааттык түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күрөөгө кое алат.
Ошол ишкананын бардык катышуучуларынын макулдугу боюнча ишкананын бардык менчигиндеги же анын кайсы бир бөлүгүндөгү күрөө жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
9. Көп квартиралуу үйдүн менчик ээси өз квартирасын күрөөгө коюу тууралу чечимди өз бетинче кабыл алат.
8-статья. Милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткаруу укугу
1. Күрөө берүүчү тарабынан күрөө кармоочунун ушул Мыйзамдын 31-статьясынын 4-пунктчасына ылайык күрөөгө коюлган мүлктү алмаштыруу боюнча талабын аткаруудан баш тарткан учурда күрөө кармоочу камсыз кылынган милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылып, өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлккө айландыра алат.
2. Эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, күрөө берүүчү кайсы учурда болсо да күрөөлүк менен камсыз кылынган милдеттенмени аткаруу жолу менен күрөөгө коюлган мүлктү мөөнөтүнөн мурда алууну талап кылууга укугу бар.
3. Эгерде милдеттенме акчалай карыз болсо, ал эми күрөө берүүчү жеке жак болсо, күрөө берүүчү күрөөлүк менен камсыз кылынган карыздан кутулуу жолу менен күрөө тууралу келишимде белгиленген мөөнөттөн мурда күрөөлүк коюуну токтото алат, эгерде келишимде башкасы каралбаса.
9-статья. Күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер жана талаптар
1. Күрөө кредит келишими, зайым келишими же акчалай же акча менен туюнтулган милдеттенмелер, анын ичинде сатып алуу-сатуу, ижара, подряд, зыян келтирүү дагы башка келишимдерге негизделген милдеттенмени камсыз кылуу максатында милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөтү узартылышы мүмкүн, эгерде мыйзамда башкасы каралбаса.
Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, өндүрүп алуу ошол күрөөгө айландыруу учурунда милдеттенме наркын, анын ичинде карыздын негизги суммасынын төлөнө элек бөлүгүн, пайыздарды, айып төлөмдөрдү, күрөөгө коюлган мүлктүн наркын сактоо үчүн күтүүгө зарыл жумшалган негиздүү чыгымдарды, милдеттенмени аткаруу мөөнөтү узартылышынан улам чыккан чыгашанын ордун толтуруунун, ошондой эле күрөөнү мажбурлоо жолу менен алуу боюнча чыгымдарды күрөө кармоочуга камсыз кылып берет.
2. Күрөө бир же бир нече милдеттенмени камсыз кыла алат. Көптөгөн милдеттенмелер жана күрөө менен камсыз кылынган кийинки милдеттенмелер күрөөгө киргизилген милдеттенмелерди сыпаттап жазуу менен аныкталышы мүмкүн.
3. Бир милдеттенмени аткарган учурда, күрөө башка да кийинки милдеттенмелерди камсыз кыла алат, эгерде келишим ошол эле тараптарга тиешелүү болсо жана бул күрөө жөнүндөгү келишимде каралса.
4. Күрөө менен күрөө кармоочунун кредит келишими же күрөө менен камсыз кылынуучу башка милдеттенмеси боюнча күрөө жөнүндөгү келишимде каралган карызынын негизги суммасы толук же жарым-жартылай камсыз кылынат.
Кредит келишимин аткарууну же пайыздарын төлөп берүү шарты менен алынган зайымдын келишимин камсыз кылууга белгиленген күрөө кредити (зайымдык каражаттар) пайдаланылгандыгы үчүн ага тиешелүү пайыздарды кредиторго (карыз берүүчүгө) төлөп берүүнү да камсыз кылат.
5. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, күрөө кредитордун өзүнө тиешелүү суммаларды төлөп берүүнү да камсыз кылат:
1) күрөөнүн жүйөсүн күтүүгө жана/же сактоого байланышкан чыгымдардын (салыктардын, жыйымдардын, коммуналдык төлөмдөрдүн ж.б.) ордун толтурууну;
2) негизги милдеттенмеде же мыйзамда каралган башка жактын акчалай каражаттарын үзгүлтүксүз пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөп берүү түрүндө;
3) негизги милдеттенмени аткарбоонун, аткаруу мөөнөтүн создуктуруунун же дагы башкача талаптагыдай аткарбоонун кесепетинен чыккан чыгашалардын жана/же айып төлөмдүн (жазапулдун, туумдун) ордун толтуруп берүүнү;
4) өндүрүп алууну күрөөнүн жүйөсүнө айландыруудан улам чыккан сот чыгымдарын, дагы башка чыгашалардын ордун толтурууну;
5) күрөөнүн жүйөсүн сатып өткөрүү боюнча чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү.
(КР 2021-жылдын 24-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Күрөө жөнүндөгү келишимдин формасы жана мазмуну
1. Күрөө жөнүндөгү келишим тараптар кол койгон документти түзүү жолу менен жазуу жүзүндө түзүлүшү керек.
2. (Абзац КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Кыймылсыз мүлк укуктарынын күрөө жөнүндөгү келишими Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоо тууралу мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү жана күчүнө кирди деп эсептелет.
3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында белгиленген күрөө келишиминин формасы жөнүндө эрежелердин сакталбаганы күрөө жөнүндө келишим жараксыз деп табылышына алып келет. Мындай келишимдин бар-жогу эсепке алынбайт.
4. Күрөө жөнүндөгү келишимде төмөндөгүлөр камтылышы керек:
1) тараптардын аты-жөнү (фамилиясы, аты, атасынын аты) жана турган жери;
2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;
3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы баяндамасы;
31) келишимдин колдонулушунун мөөнөтү. Эгерде келишимде анын колдонулушунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим анда аныкталган тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы аяктаган учурга чейин колдонууда болот деп таанылат;
4) күрөөнүн жүйөсү болуп саналган мүлк укугу күрөө кармоочуга таандык болуусу менен укук берүүчү реквизиттери, каттоодон өткөрүлүүгө тийиш кыймылсыз мүлктүн же мүлктүн документинин көрсөтүлүшү;
5) өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн баасы, ал күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашууда аныкталат, ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашууда аныкталат.
Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде бардык же кайсы бир талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү тууралу "арбитраждык эскертмени" карай алышат жана мындай талаш-тартыш күрөөгө тиешелүү укук мамилелерине байланыштуу алардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн. Бейтарап макулдашуу өзүнчө макулдашуу менен да жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Бейтарап макулдашууну түзүүнүн шарттары жана тартиби тиешелүү мыйзамда каралат.
Тараптар күрөө жөнүндөгү келишимде мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка да шарттарды карай алышат.
5. Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөөлүк менен ырасталса, анда ал күрөө жөнүндөгү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.
6. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. Күрөө боюнча милдеттенме кайсы бир келишимге негизделген учурларда ошол келишимдин тараптары жана аны түзгөн дата көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Эгерде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенменин суммасы кийин аныкталууга тийиш болсо, күрөө жөнүндөгү келишимде аны аныктоонун тартиби жана башка зарыл шарттары көрсөтүлүшү керек.
10. Эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүгө таандык ижара укугу болсо, күрөө жөнүндөгү келишимде ижарага алынган мүлк жана аны ижарага алуунун мөөнөтү көрсөтүлүшү керек.
(КР 2007-жылдын 6-августундагы № 133, 2009-жылдын 30-мартындагы № 97, 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2017-жылдын 2-августундагы № 171, 2023-жылдын 16-февралындагы № 30 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу)
1. Күрөө жөнүндө келишим боюнча бир милдеттенмени (мурдагы күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган мүлк башка милдеттенмени (кийинки күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөгө берилиши мүмкүн.
Күрөө кармоочулардын кезектүүлүгү Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтардын негизинде мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу күрөө пайда болгон учурдан тартып же каттоосу жок болсо, күрөө жөнүндө келишим түзүлгөн дата менен белгиленет.
2. Күрөө жөнүндө келишимге кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө тыюу салуучу же чектөөчү жоболорду киргизүүгө жол берилбейт.
3. Эгерде артыкчылык укугуна ээ болгон андан мурдагы күрөө кармоочу кийинки күрөө кармоочу менен жазуу жүзүндө башкача макулдашпаган болсо, кийинки күрөө кармоочунун талаптары күрөөнүн жүйөсүнүн наркынан мурдагы күрөө кармоочунун талаптары канааттандырылгандан кийин канааттандырылат.
4. Күрөө кармоочу ар бир кийинки күрөө кармоочуга бул мүлктүн болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө, ошондой эле күрөөлөр менен камсыз кылынган милдеттенмелердин мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү жана ушул милдеттенмелерди аткарбоонун кесепетинен күрөө кармоочуларга келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Катталган күрөө билдирмеси болсо, кыймылдуу мүлктүн болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө маалыматтарды кийинки күрөө кармоочулар Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте алышат.
5. Биринчи катталган күрөө күрөөгө коюлган мүлктөн канааттануу укугун камсыз кылууда кийин катталган ар кандай күрөөгө карата биринчи кезектеги деп эсептелет. Ар бир кийинки күрөө каттоонун датасына жана мезгилине ылайык кезектүүлүк тартибинде катталат, тиешелүү түрдө, мурдагы катталган күрөөгө карата кийинки кезектеги күрөө деп эсептелет.
Эгерде ушул Мыйзамдын III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап сатуудан түшкөн сумма кийинки кезекте турган күрөө кармоочулардын талаптарын төлөп берүү үчүн жетишсиз болсо, эгерде күрөө жөнүндө келишимде башкача каралбаса алардын талаптары, бул талаптардын мыйзамдуулугуна карабастан, камсыз кылынбаган талап катары токтотулат.
6. Карамагында күрөөгө коюлган мүлк турган кийинки күрөө кармоочу ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык аны мажбурлап өндүрүп алуу жолу менен сата алат, ал эми эгерде ал биринчи кезектеги күрөө кармоочу болбосо, анда ушул Мыйзамдын 58-статьясынын 1-пунктунун 4-пунктчасына жана 2-пунктуна ылайык:
1) ал күрөөнүн мурдагы келишими боюнча аны сатуу ниети бар экендиги жөнүндө кандай болбосун күрөө кармоочуга билдирүүгө милдеттүү;
2) кандай гана болбосун мурдагы күрөө кармоочунун суроо-талабы боюнча ал мурдагы күрөө кармоочунун карамагына күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп берүүгө тийиш;
3) эгерде күрөөгө коюлган мүлк сатылып кетсе, анын сатылышына жоопкерчиликтүү күрөө кармоочу баарынан мурда биринчи кезектеги күрөө кармоочунун (күрөө кармоочулардын) талаптарын аткарууга тийиш жана андан кийин гана өз талаптарын канааттандыруу үчүн кирешелерди пайдаланууга укуктуу.
Эгерде бул талаптар аткарылбаса, мүлктү сатып жаткан кийинки күрөө кармоочу кандай болбосун мурдагы күрөө кармоочулардын алдында жоопкерчилик тартат, мындай мүлк күрөөгө коюлган мүлктү кандай болбосун сатып алуучуга карата талаптары күчүн жоготпогон мурдагы күрөө кармоочулардын катталган күрөөлөрүнөн эркин боло албайт.
7. Ушул Мыйзамга ылайык артыкчылыктуу канааттандыруу укугунун кезектүүлүгү күрөө кармоочулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
8. Күрөөнүн жүйөсүнө күрөө берүүчүнүн мамлекеттик бюджет алдындагы карыздары боюнча өндүрүп алуу мүмкүн эмес. Жоготуулардын ордун толтуруу жөнүндө салык органдарынын талабы же соттун чечими кезектүүлүк тартибинде гана жайгаштырылат.
9. Ипотека күрөөлүгүн берүүдө мындай мүлктүн кийинки күрөөсүнүн бар-жогу эсепке алынбайт.
(КР 2016-жылдын 15-июлундагы № 117, 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2021-жылдын 24-мартындагы № 42, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
12-статья. Күрөөгө коюлган мүлктү күтүү жана ремонттоо
Эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкасы каралбаса, күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлктү оң абалда кармоого жана күрөө аяктаганга чейин бул мүлктүн күтүлүшүнө жана ремонтуна (учурдагы жана капиталдык ремонтуна) жумшалуучу чыгымдарды көтөрүүгө милдеттүү.
Күрөө кармоочу күрөө жөнүндөгү келишим боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн турушун, абалын жана шарттарын текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.
13-статья. Камсыздандыруу
Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдары же күрөө жөнүндө келишим күрөө берүүчүгө күрөөгө коюлган мүлктү камсыздандыруу милдетин жүктөсө, күрөө ошол камсыздандыруу полиси боюнча күрөө берүүчүнүн кандай болбосун укуктарына жайылтылат жана күрөө кармоочу түздөн-түз камсыздандыруучудан жана күрөө берүүчүнүн макулдугусуз камсыздандырып ордун толтуруунун кандай болбосун кийинки суммасынан өзүнүн камсыз кылынган талабын канааттандырууда артыкчылыктуу укукка ээ. Көрсөтүлгөн учурларда күрөө берүүчү күрөө кармоочуга камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.
Эгерде Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде башкача каралбаса, күрөө берүүчү күрөөгө коюлган мүлктү талаптын өлчөмүнөн төмөн эмес суммага камсыздандырууга милдеттүү.
Эгерде мүлк анын күнөөсү боюнча жоголуп кетсе же бүлүнтүлсө, күрөө кармоочу өзүнүн талабын камсыздандыруу боюнча ордун толтуруу суммасынан канагаттандыруу укугун жоготот.
(КР 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)