Загрузка документа…
КР 2026-жылдын 21-майындагы N 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 22-июлу № 96
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 12-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"экономикалык-статистикалык байкоо жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын товардык рыногунда үстөмдүк абалды ээлеген, чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген жана үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши жөнүндө маалыматтарга статистикалык байкоо жана экономикалык талдоо жүргүзүү, чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштеринин абалына жана келечегине баа берүү;";
2) 4-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Үстөмдүк абал
1. Чарба жүргүзүүчү субъекттин (жактардын тобунун) же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (жактардын топторунун) белгилүү бир товар рыногунда ошол чарба жүргүзүүчү субъектке (жактардын тобуна) же ошондой чарба жүргүзүүчү субъекттерге (жактардын топторуна) тийиштүү рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана (же) ал рыноктон башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди сүрүп чыгууга жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ал рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген абалы үстөмдүк (монопсоникалык) абал деп таанылат.
2. Рынокто төмөнкүдөй чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмду кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат:
1) тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзсө же андан жогору болсо, эгерде монополияга каршы орган ушул Мыйзамдын бузулганы тууралуу ишти кароодо же экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууда көрсөтүлгөн чоңдуктан ашып кеткенине карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу абалы үстөмдүк абалда болуп саналбаганы белгиленбесе;