Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 22-июлу № 116
Атаандаштык жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2016-жылдын 15-июлундагы № 118, 2017-жылдын 28-июлундагы № 153 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 , 2019-жылдын 22-июлундагы № 96, 2022-жылдын 20-январындагы № 8, 2022-жылдын 30-июнундагы № 52, 2023-жылдын 28-февралындагы № 44, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, монополиялык ишти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуунун, чектөөнүн, токтотуунун уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.
1-берене. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары (мындан ары монополияга каршы мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга негизденет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат жана ар кандай юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерге жайылтылат.
Монополияга каршы мыйзамдардын колдонулушу чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата алардын уюштуруу-укуктук формасына жана мында чарба жүргүзүүчү субъекттерге катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат.
Ушул Мыйзамдын жоболору ата мекендик жана/же чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жетишилген макулдашууларга, ошондой эле эгерде мындай макулдашуулар же аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасир этсе, алар жасаган аракеттерге карата колдонулат. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү жолу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери транс аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат.
(КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-1-берене. Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат
Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыгат.
(Абзац КР 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Улуттук банк Улуттук банктын көзөмөлүндө болгон жактардын ишин монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети атаандаштык чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Интернет тармактарына жайгаштыруу аркылуу маалыматтык ачыктыкты камсыз кылат.
(КР 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2022-жылдын 30-июнундагы № 52 , 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
(абзац КР 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
жеке же юридикалык жактын аффилирленген жагы:
- тикелей же кыйыр чечимдерди аныктоого же ошол жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошкондо) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкактарында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарды албаганда), ошондой эле ушул аффилирленген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак;
- юридикалык жактын аффилирленген жагы болуп анын аткаруучу кызматтык адамдары, анын добуштук акцияларынын (салымынын, үлүшүнүн) 10 же андан ашык пайызына ээ болгон (ачык акционердик коомдор үчүн - 5 жана андан ашык пайыз) акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана да таанылат;