Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 22-июлу № 98
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 19-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги аталышында "Жарнак" деген сөз "Жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 1-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги 2-беренеде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак", "жарнактоо" деген сөздөр жана "жарнактык", "жарнактала", "жарнагы" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама", "жарнамалоо", "жарнамалык", "жарнамалана", "жарнамасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 3-беренеде "Жарнак" деген сөз "Жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги 4-берененин аталышында жана текстинде "Жарнакка" жана "Жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Жарнамага" жана "Жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги II бөлүмдүн аталышында "Жарнакка" деген сөз "Жарнамага" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) мамлекеттик тилдеги 5-беренеде:
а) аталышында "Жарнакка" деген сөз "Жарнамага" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүндө "1. Жарнак" жана "жарнак" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "1. Жарнама" жана "жарнама" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 2-11-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө жана сандык формаларындагы "жарнак", "Жарнак" жана "жарнактоо" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "жарнама", "Жарнама" жана "жарнамалоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) мамлекеттик тилдеги 6-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз жана "жарнакталган", "жарнактоодо", "жарнактык" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө жана "жарнамаланган", "жарнамалоодо", "жарнамалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) мамлекеттик тилдеги 7-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз жана "жарнакталган" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө жана "жарнамаланган" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) мамлекеттик тилдеги 8-берененин аталышында жана текстинде ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "жарнак" деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "жарнама" деген сөзгө алмаштырылсын;