КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 24-декабры № 155
Жарнама жөнүндө
(КР 1999-жылдын 30-ноябрындагы № 134, 2002-жылдын 25-июлундагы № 130, 2006-жылдын 27-январындагы № 17, 2006-жылдын 6-февралындагы № 35, 2006-жылдын 31-июлундагы № 140, 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 264, 2009-жылдын 29-январындагы № 34, 2009-жылдын 25-апрелиндеги № 130, 2009-жылдын 17-июлундагы № 228, 2009-жылдын 15-октябрындагы № 273, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 310, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 12-январындагы № 1, 2015-жылдын 21-январындагы № 23, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 16-майындагы № 99, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227, 2017-жылдын 14-февралындагы № 25, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 28-июлундагы № 153, 2018-жылдын 26-мартындагы № 31, 2018-жылдын 4-августундагы № 85, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2020-жылдын 25-январындагы № 15, 2021-жылдын 23-мартындагы № 39, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130, 2024-жылдын 18-июлундагы № 131 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу, таратуу жаатындагы мамилелердин жана аларды контролдоонун укуктук негиздерин жөнгө салат.
Ушул Мыйзамдын максаттары социалдык жана мамлекеттик жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, керектөөчүлөрдүн ак ниет жана так жарнама алууга укуктарын жүзөгө ашыруу, жарнама жөнүндө мыйзамдарды бузуунун алдын алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында талаптагыдай эмес жарнама фактыларына бөгөт коюу болуп саналат.
2. Ушул Мыйзам эгерде жарнаманы таратуу Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жатса, ал чыгарылган жерге карабастан жарнама чөйрөсүндө пайда болуучу мамилелерге карата, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары тарабынан анын чегинен тышкары жасалган жарнама чөйрөсүндөгү аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагында атаандаштыкты чектөөгө, жеке жана юридикалык жактарды адаштырууга алып келген, же болбосо Кыргыз Республикасынын товарларынын рынокторунда терс кесепеттерге алып келген учурларда да пайдаланылат.
3. Ушул Мыйзам чет өлкөлүк юридикалык жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама чыгаруучу жана таратуучу, белгиленген тартипте катталган жекече ишкерлерге таратылат.
4. Ушул Мыйзам саясий жарнамага таратылбайт.
5. Ушул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо жеке жактардын кулактандырууларына, анын ичинде массалык маалымат каражаттарындагы ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган кулактандырууларына таратылбайт.
(КР 2014-жылдын 17-майындагы № 69, 2015-жылдын 21-январындагы № 23, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
жарнама - жарнаманы керектөөчүнүн жарнамалоо объектисине карата кызыкчылыгын калыптандырууга жана колдоого багытталган, ошондой эле аны рынокто сатууга жана/же илгерилетүүгө шарт түзүүчү, ар кандай каражаттардын жардамы менен кандай болбосун формада таратылуучу, жарнамалоо объектиси тууралуу маалымат.
Юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш тартиби жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн эрежелери жөнүндөгү маалыматтык көрнөктөр; юридикалык же жеке жактын турган жеринин, анын телефондорунун номерлеринин жана юридикалык же жеке жактар жөнүндөгү башка кабарлардын өзгөрүшү жөнүндөгү кулактандыруулар же маалымдоолор; ошол аймактагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды, идеяларды жана саамалыктарды жарнамалоону камтыбаган бөлөк маалыматтык кабарлар жарнама болуп эсептелбейт;
жарнамалоо объектиси - жеке жана/же юридикалык жак, товар, кызмат көрсөтүү, интеллектуалдык иштин жыйынтыктары, укуктар, менчик ээсинин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары, конкурстар, лотереялар, оюндар, тобокелчиликке негизделген оюндар, мелдештер, коммерциялык/спорттук иш-чаралар;
оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөр - ар кандай методдорду колдонуу менен магиялык таасир этүү жолу аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар;
психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;