Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 25-июлу № 102
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 16-февралында № 31, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 81, 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2026-жылдын 11-июнундагы № 89 Мыйзамдардын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн тартибинин жана шарттарынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук абалын (статусун) жана социалдык камсыз кылуу кепилдиктерин аныктайт, укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, кызмат өтөөгө жана аны токтотууга байланышкан мамилелерди, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кара күчтү, атайын каражаттарды, куралдарды, курал-жарактарды жана согуштук техникаларды колдонуу тартибин жөнгө салат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн колдонулуучу терминдер төмөнкүлөрдү билдирет:
1) аттестация - кызматкердин кесиптик билимин, көндүмдөрүн, ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн, ошондой эле кызматтык өсүү келечегин мезгилдүү текшерүү;
2) ок-дарылар - бутаны кыйратуу, аны кыйратууга түрткү берүүчү милдеттерди аткаруу үчүн арналган, жарылма, пиротехникалык же ыргытма дүрмөттөр же алардын айкалышуусун камтыган курал-жарак түзүлүштөрү жана предметтери;
3) согуштук техника - согуш учурунда душманга залал келтирүү үчүн пайдаланылуучу жана аскердик техниканын бөлүгү болуп саналуучу, өзүндө куралды жана анын жабдыктарын камтуучу бардык техникалык каражаттардын жыйындысы;
4) курал-жарак - каршылаштын киши күчүн, курал-жарагын, согуштук техникасын, курулмаларын жана башка объектилерин кыйратуу үчүн арналган каражаттар, бул каражаттардын курамдык бөлүктөрү жана комплекттөөчү буюмдары, ошондой эле аларды колдонууну камсыз кылуучу башкаруу системаларынын комплекси;
5) эс алуу убагы - укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруудан эркин болгон убакыт;
6) тартиптик жоопкерчилик - кызматтык тартипти бузган жана тартиптик жорук жасаган кызматкерлерге укуктук таасир кылуунун формаларынын бири;
7) тартиптик жорук - кызматкердин кызматтык тартипти бузуусу, ага тете кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан жана ал үчүн тартиптик жоопкерчилик каралган, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды сактабоосу;
8) талапкер - укук коргоо органына кызматка кирүүгө талаптанган адам;
9) контракт - укук коргоо органы менен кызматкердин ортосунда түзүлүүчү, тараптардын укуктары жана милдеттери белгиленүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
10) ченемделбеген жумуш убактысы - жумуштун өзгөчө режими, ага ылайык кызматкер укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин жазуу жүзүндөгү чечими боюнча ченемдик жумуш убактысынан тышкары өз кызматтык милдеттерин аткарууга тартылат, мында жетекчи кошумча өргүү күндөрүн берүү үчүн ченемделбеген жумуш убактысын эсепке алуу жазуусун жүргүзөт;
11) жумуш убактысынын ченемдик узактыгы - кызматкер ички тартиптин эрежелерине ылайык өз кызматтык милдеттерин аткаруучу убакыт;